Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

750 МИЛЛИОН КЫМБАТЧЫЛЫКТЫ ТОКТОТО АЛАБЫ?


Жогорку Кеңеш бүгүн быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул долбоорго ылайык, нан азыктарынын баасын турукташтыруу үчүн бюджетке кошумча 750 миллион сом киргизилет. Мыйзам долбоору боюнча парламентке каржы министринин орун басары Канат Асанкулов маалымат берди. Бирок депутаттардын көпчүлүгү анын жоопторуна канааттанбаганын айтышып, министрлик бул акчаны иштетүүнүн жолдорун иштеп чыкпаганы үчүн сынга алышты.

Долбоор боюнча билдирүү жасаган каржы министринин орун басары Канат Асанкулов алгач кириштелип жаткан 750 миллион сом Талды булак кени боюнча келишимден түшкөн 20 миллион доллардан алынып жатканын, ал элди буудай жана үрөн менен камсыздоого жумшалаарын айтты:

- Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 750 миллион сомго көбөйүүдө. Бул акча азыр түштү. Биз анын 600 миллионун Казакстандан буудай сатып алууга, калган 150 миллионун дыйкандарды мыкты сапаттагы үрөн менен камсыздоого жумшасакпы деп турабыз.

Суроо-жооп учурунда министр орун басары депутаттардын бул акчага канча буудай алынат, ал канчага жетет деген суроолоруна так жооп бере алган жок. Мындай суроо узаткандардын бири депутат Замирбек Эсенаманов болду:

… Азыркыдай темп менен кетсек эл-журт февралда нанга жетпей калышы мүмкүн. Бул бөлүнгөн акчага келчү буудай канча убакытка жетет?

-
Биз андай эсеп түзгөн эмеспиз.

-Анда эмнеге келдиңиз? Эми ушундай маанилүү маселеде министрдин эч нерсени билбеген орун басары келип, жооп бере албай отурса маселе кандай чечилет?




Бюджетке кошумча кириштелген бул каражатка буудай сатып алууну мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча агенттиги жүргүзүшү керек.
Бирок жыйында депутат Азимбек Бекназаров болсо агенттиктин башчысы Жуман Нуржановко ишенбестигин жар салды:

- Мен бул агенттиктин жетекчилигине ишеним көрсөтпөйм. Карышкырга кой кайтарткандай эле болуп атат. Ал кишини эми баарыңар билесиңер, эки жолу соттолгон, үчүнчү иши прокуратурада болчу. Анан ошондой кишиге биз 750 млн. бергенге камынып отурабыз. Бир токтом токуп, ошого жол бербей турган чара көрүш керек. Тендерди ачык өткөрүп, телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүп, эл ишене турган кылбасак бул акча коррупцияга кетти дей бергиле.

Депутат Темир Сариев болсо мамлекеттик резервден буга чейин бөлүнгөн 15 миң тонна буудай же муктаж адамдарга жетпей, же мамлекет пайда көрбөй орто жолдон башка бирөөлөр пайдага туйтунуп жатканын айтты:

- 15 миң тонна буудайды берди. Интервенция кылдык дейт, кайсы жакка интервенция кылды. Мунун эки жолу бар эле, бир-эки күндө базарга чыгарып, бааны ылдыйлатыш керек эле, же бүгүнкү баа менен сатып, акчасына жаңы буудай алып келиш керек эле, же элге түз бериш керек эле компенсация иретинде. А силер бир-жарым эки айга бөлдүңөр да, күнүнө 200-300 тонна ун чыгарып, мамлекет аны 9 сом 50 тыйындан берип атканы менен Ош базарында 32 сомдон сатылып атат. Мынаке өкмөттүн саясаты, мажбур болгон адам да алган жок, же мамлекет бюджетке кошумча акча алган жок, же базардагы баа ылдыйлаган жок, механизм жок.

Темир Сариев ошондой эле азыр бөлүнгөн каржатка келген буудай да ошондой абалга түшпөшү үчүн аны иштетүүнүн механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Ошентип канчалык сын пикирлер айтылганы менен депутаттар ундун баасы күн санап өсүп жаткан азыркыдай шартта бул долбоорду тезинен кабыл алуу зарылдыгын эске алышып, мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Эртең долбоорду экинчи окууда талкуу уланмакчы. Эртеңки жыйынга бул маселеге тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнүн баары чакырылды.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG