Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

АЖЫЛЫК САПАРГА ОШ ОБЛУСУНАН 1700 КИШИ БАРАТ


Быйыл декабрда Ош шаарынын жана облусунун 1700 тургуну Меккеге ажылыкка аттанат. Бирок, кышта зыяраттан кайтып келатканда автокырсыктан курман болгондордун 50 чакты тууган-уругу улуу сапардын астында Кыргызстандын экинчи борборунда жайланышкан дин агенттигинин имаратынын алдында нааразылык акциясын башташты.

Вице-премьер-министр Досбол Нур уулунун билдиришинче, 2007-жылдын 12-январында Меккеден автобуста кайтып келаткан 22 оштук Эль-Куф-уф провинциясында кырсыкка кабылып, баардыгы каза тапкан. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча маркумдардын сөөгү 1-февралда Сауд Арабиянын Даммам шаарына көмүлгөн. Ошол трагедияга жол койгон «Гарант» жоопкерчилиги чектелген коому быйыл да тендерге катышып, утуп алган. Эми мунун катарын оштук дагы 5 турфирма толуктап олтурат. Ажылыкка арналган атайын жыйында министрлер кеңсесинин төрагасынын орун басары Дин агенттиги эски турфирмаларды канатына калкалап, ажылыкты кадимкидей бизнеске айландырып алгандыгын жашырбастан расмий жарыялады.

Ош шаар тургуну Ибрагим Ражапов апасы Балтыханды Меккеге «Гарант» ЖЧКсы жөнөткөндүгүн, бирок, коопсуздугун камсыз этпегендиктен 12-январдагы автокырсыктан көз жуумп, сөөгү Даммамда калгандыгын эстеди. Аталган турфирма быйыл декабрда 22 адамдын бирден тууганын ажылыкка алып барып-келүү милдетин мойнуна алгандыгын, ага дин агенттигинин директору Тойгонбай Калматов уруксат бербей жаткандыгын баса белгиледи.

- Келатканда автокырыскка учурашты. Алары “Гарант” фирмадан жөнөтүлгөн экен, - деди Ибрагим Ражапов.

Дин агенттигинин директору Тойгонбай Калматов маркумдардын туугандарын Меккеге жөнөтсөм деген ниетте Бишкекте жүрүптүр. Беш-алты жерге, анын ичинде Сауд Аравиясынын королуна, дүйнөлүк Ислам лигасына, Кыргызстандын Эмираттагы элчилигине кайрылыптыр. Жакында маселе оң жагына чечилип, тополоң кылгандар тынчый тургандыгына ынандырды. Ошондой эле «Гарант» ЖЧКсын укук коргоо органдары бекер куугунтуктап, утуру текшерип жатышкандыгына ичи чыкпагандыгын кыстарды.


- Сауд Аравиясынан күтүп атабыз, дагы үч айга жакын убакыт бар. Сүйүнтө турган кабар келип калыш керек. Мен 5-6 жерине кайрылдым, - деди Тойгонбай Калматов.

Ош шаар прокурорунун жардамчысы Мамасалы Кошубаев басымдуу турфирмалар кышта адамдарды ажылыкка келишимсиз жана кепилдиксиз башаламан жөнөткөндүгүн билдирип, бул ирет мындай мүчүлүштү кайталабоону катуу эскертти. Ошондой эле Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев 2007-жылдын 14-январында облмамадминистрациясында чогулуш өткөрүп, «Гарант» ЖЧКсына 22 кишинин кунун төлөттүрүүгө милдеттендирген аракетин катуу айыптады.

«Гарант» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Мурат Адашбаев 22 жердешинин ажылык сапарда ажал табышына айыпкер эместигин, ошентсе да, маркумдардын туугандары кокус Меккеге барып калса, Меккеден Даммамга жана артын карай автобуска жол киресин төлөп бере тургандыгын гана убада кылды:

- 22 адам түздөн түз «Гарант» фирмасына келип жазылган эмес. Булар башка ажыга алып барып жүргөндөр аркылуу келген. Булар биз менен келишим түзгөн эмес. Ар бир үй-бүлөдөн бирден, 22 кишини Даммам шаарына Мекке шаарынан алып барып, кайра Мекке шаарына алып барып коебуз автобуз менен деп кепилдик бердик.

Кышта ажылыкка барган каракулжалык Анарбек Жусуповдун баамында, дин агенттиги өткөн Мекке сапарын начар уюштурган, зыяратчылардын коопсуздугу түгүл тамак-ашы, жатагы чоң көйгөйгө айланган. Быйыл да зыяратчыларды куп кыйнаган ошол эле турфирмалар тендерде утуп чыккандыгы аргасыздан санаага салат.
XS
SM
MD
LG