Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

ХОРВАТТАР ЭЛ АРАЛЫК ТРИБУНАЛДЫН ӨКҮМҮНӨ НААРАЗЫ


Хорваттар 1991-жылы Вуковар шаарында болгон кыргын үчүн соттолгон мурдагы югослав офицерлерине чыгарылган өкүмдү терең нааразылык менен кабыл алышты. Улуттар уюмунун Гаагадагы трибуналы 27-сентябрь күнү эки серб офицеринин бирин 5, экинчисин 20 жылга түрмөгө кескен. Ал экөө Вуковардагы ооруканада жаткан 194 кишини өлтүрүүгө катышкан деп айыпталган эле.

5 жана 20 жылга эркинен ажыратылган эки офицердин жанында дагы бир айыпталуучу бар эле, эл аралык трибунал анын күнөөсү далилденген жок деп сот залынан бошотту. Прокурорлор бул 3 серб офицерин өмүрүнүн аягына дейре түрмөгө кесүүнү талап кылган.

Хорватиянын премьер-министри Иво Санадер бейшембиде Вуковарга барып, ал жерде эл аралык трибуналдын өкүмүнө ачууланган жашоочуларды тынчытууга аракет кылды, Хорватия Улуттар уюмуна нааразылык нотасын жиберет деп ишендирди.

- Мен үчүн бул Гаагадагы эл аралык трибуналдын түпкү максаты жокко чыгарылды дегенди түшүндүрөт. Улуттар уюмуна мүчө мамлекет катары Хорватия бул өкүмгө байланыштуу Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине терең нааразычылыгын билдирет. Вуковардагы кыянат кыргынга, карапайым адамдар өлтүрүлгөнүнө бүткүл дүйнө күбө болгон. Ал окуянын курмандыктары үчүн бул 3 киши жоопкерчилик тартышы керек эле.

Хорватиянын премьер-министри Гаагадагы трибунал чыгарган өкүм бетке чиркөө иш болгонун, хорват өкмөтү Улуттар уюмунун трибунал төрагасына өз каршылыгын билдирген кат жөнөткөнүн кошумчалады.

Хорватиянын президенти Стипе Месич трибуналдын өкүмү эч убакта келише алгыс чечим болгонун айтса, парламент спикери Владимир Секс Вуковар кыргынынын курмандыктары дагы бир ирет өлтүрүлгөндөй эле болду деп комментарийледи.

Вуковар – Балкандагы уруштар тарыхындагы эң кандуу кыргындардын биринин символуна айланган. Хорватиянын чыгыш тарабындагы шаар 1991-жылдын ноябрь айында 3 айдай баарын кыйраткан айыгышкан уруштардан кийин серб армиясына багынып берген. Эл аралык уюмдарга берилген убадаларга карабай, серб аскерлери Вуковардагы ооруканадан качалбай калган 260тан ашуун жарадар хорваттарды уруп сабап, 194 кишини кыйнап өлтүргөн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG