Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

МЕКЕДЕГИ АЖЫЛЫК ШТАБГА БОЗ ҮЙ ТИГҮҮ ОРУНДУУБУ?


Учурда алдыдагы ажылык сапарды уюштурууга кызуу камылгалар көрүлүп жатат. Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын демилгеси менен быйыл Кыргызстандын Мекедеги башкы ажылык штабына кыргыздын жасалгаланган бозүйүн тигүү аракети көрүлүүдө.

Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматов Кыргызстандын мекедеги башкы ажылык штабына бозүй тиктирүүнүн маани-маңызын мындан көрөт:

- Кыргыз эли өтө терең тарыхка ээ. Бүт дүйнөдөн келген ажы сапарындагыларга ошо биздин элдин чеберчилигин, уникалдуу маданиятын тааныштыралы деп жатабыз. Балким дүйнөдө ушундай бозүйгө, ушундай кыргыздын улуттук буюм-тайымдарына кызыккандар арбын чыгаар.

Тойгонбек Калматов Мекеге бозүй тиктирүү оңой иш эмес экендигин, башкасын айтпаганда да, аны бажыканалардан алып өтүү, унааларга жүктөп жеткирүү көп каражатты талап кыларын жашырбады. Ал эми Мекеге алпара турган бозүйдү ошол жасалгалары менен сатып алыш керек.

Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабына бозүй тигүүгө карата түрдүү көз караштар айтылууда. Бишкек шаар тургуну Батма-ажы Сулайманова ага кеткен каражатты кайрымдуулук иштерине жумшашса жакшы болмок деген пикирде. Маселен, көчөдө тентип жүргөн кыргыз балдарга жардам берип – жакшылыкка үмүттөнтүп. Же ажыга барууга каржысы жетпей жүргөндөргө кошумча кошуп дегендей.

Жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкованын ою боюнча, Мекедеги бозүй кийин-соңгу кыргызстандык уста-уздардын эл аралык деңгээлде соода жүргүзүүсүнө жол ачышы мүмкүн.

Ал эми мусулман дин ишмери Таалай Ылайтегин Мекеге бозүй тигүү шариятка каршы келбестигин белгилөө менен, ошол бозүйдү чыныгы ажылык зыярат иштерине тоскоол этпегидей пайдалануу лаазим деп эсептейт. Зыярат-тооп кылуу – эң башкы нерсе.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматовдун айтымында, Кыргызстандан барган жарандардын Мекеде жата турган оруну ыйык кабатилладан 1 чакырым 200 кадам гана аралыкта. Ошол 8 кабаттуу 8 имараттын ортосунда бозүйгө ылайык жай бар экен. Ошого уруксат алууга сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
XS
SM
MD
LG