Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

СОТТОР СӨЗ ЭРКИНДИГИН БАСМЫРЛАП ЖАТЫШАТ


Массалык маалымат каражатттарынын кызматкерлерине сот жараяндарына катышууга тыюу салуу мурда болуп көрбөгөндөй адатка айланды. Мунун себебин кээлери соттордун айкындуулуктан чочулашына байланыштырса, айрымдары журналисттер өздөрү укуктук жактан сабатсыздыгы ушундай көрүнүшкө кириптер кылууда дешет.

Тентектик кылган жана кызматтык милдетин аткарып жүргөн кишилерге тоскоолдук жасаган деп айыпталып жаткан Алмазбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Ош облустук сотунун межилисинде караганда төрагалык кылуучу судья Садык Молдокулов жараянды жабык өткөрүүнү чечишкендигин билдирип, журналисттерди залдан дал ушинтип чыгарып жиберди. Кудум ушундай көрүнүш Ош облустук сотунда өтө көп кайталанаарын журналисттер ызалануу менен белгилешти.

ОшТВ телекомпаниясынын кабарчысы Айнура Боронова судьялар жараянга киргизмек түгүл журналисттер катышаарын билишкенде атайылап башка күнгө жылдырып коюшаарын билдирди:

- Cоттук процессине барганда киргизбей койгон учурлар болгон, - дейт Айнура Боронова.

Медиа эксперт Алмаз Исманов сот, милиция, прокуратура жабык органга айланганын туйдуруп, буга Аксы окуясын териштирүү Чубактын кунундай чубалгандыгын, Бермет Акаеванын сотунун бүдөмүктүгүн мисал тартты. Жараянга катышууга уруксат суроо үчүн чоңдорду кармоо кыйындыгын, ошондой эле кесиптештеринин укуктук билими тайкылыгын, анын үстүнө сотко ишенбөөчүлүк бардыгын санактады:

- Сот, милиция, прокуратуранын иштери ачык болбогондуктан элдин көп нааразычылыгы бар. Мисалы Аксыны деле алсак, ошол соттор ачык болгондо эл тарабынан эч нааразылык болбойт эле. Журналисттердин юридикалык жактан билими азыраак болгондуктан ушундай болуп жатат болуш керек. Ошондой эле сотторго ишеним жок, - деди Алмаз Исманов.

«Адилеттүүлүк» коомдук бирикмесинин басма сөз катчысы Абдымалик Шарипов журналисттердин укугу күн кур эмес тебеленет, мыйзамдар иштебейт, укуктук нормаларда чалалыктар бар, соттор канчалык айкындуулуктан качса, ошончолук алардын адилеттүүлүгүнөн жана калыстыгынан күмөн туулат деген көз карашта.

- Сот жүрүп жаткан болсо эмнеден чочуйт. Элдин алдына бир сөз айтып коюп, кабинетке киргенде каалагандай протокол чыгарып коюшу мүмкүн деген сөз чыгат, - дейт Абдымалик Шарипов.

- Ушул процесттин башында журналист сотко кирип, мен ушул процесске катышам дей турган болсо, сот эч качан каршы болбойт деп ойлойм. Сотторго катышып эле атышат, - деп Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Тамара Темирбаева жогорудагы пикирлерге кошулбай тургандыгын жар салды.

Ош облусунда жайланышкан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку жана облустук соттордо басма сөз кызматын түзүүгө каражат ажыратууну суранып Кыргыз Республикасынын Президентине, парламентине, Өкмөтүнө кат жолдошту. Эгерде Кайрылуу бийлик тарабынан кубаттоого алынса, сот айкындуулугу маселесин жарым-жартылай чечүүгө көмөктөшөт дешет медиа эксперттер.
XS
SM
MD
LG