Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Украинада добуштардын 99% тен ашыгы саналып бүттү


Украинада, батышчыл партиялар парламенттик шайлоонун жеңүүчүсү болчудай. Бюллетендердин 99%дан ашууну саналганын эске алган кийинки маалыматтар саргылт ыңкылап боюнча өнөктөштөр, мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенконун блогу менен президент Юшенконун партиясы бириксе парламенттеги орундардын 45%дан ашуунун аларын көргөзүүдө. Ал эми азыркы премьер-министр Януковичтин орусиячыл багыттагы Региондор партиясы жалгыз өзү добуштардан 34%дан ашуунуна ээ болду. Бирок Региондор партиясына коалициялык өнөктөш болот деп күтүлгөндөрдүн бири – социалисттер парламентке өтөрү күмөн туудурууда.

XS
SM
MD
LG