Сирия Ирактын жарандары үчүн виза берүү тартибин киргизди. Сириянын ысымы белгисиз жооптуу кызматкеринин маалыматына караганда,жаңы тартип дүйшөмбү күнү күчүнө кирди. Ага ылайык экономикалык, коммерциялык жана илимий багытта кызматташкан жарандар гана виза алууга укуктуу. Сирияда учурда 1,5 миллионго жакын качкын жашайт.(BuS)