Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛООДО КИМ ЖЕҢҮҮЧҮ ЭКЕНДИГИ БЕЛГИСИЗ


Украинада добуштардын 99 пайызы саналып бүтсө дагы, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы өлкө үчүн эмнени билдирээри анчейин белгисиз. 30-сентябрдагы добуш берүү бүтөөрү менен саясий атаандаштар Виктор Янукович менен Юлия Тимошенко өз жеңиштерин жарыялаганга шашылышты. Бирок кимдин чыныгы жеңүүчү экендиги азырынча белгисиз бойдон кала берип жатат.

Шаршембиге карата добуштардын 99 пайызы саналып бүттү. Ушундaн кийин өкмөт башчысы Виктор Януковичтин Региондор партиясы добуштардын 34.3 пайызы менен көч башына чыкканы анык болду. Экс-премьер Юлия Тимошенконун блогу 30,8 пайыз менен экинчи орунда, ал эми президент Виктор Ющенкону колдогон Биздин Украина-Элдик коргонуу блогу 14.2 пайыз менен үчүнчү орунга ээ болду.

Бирок, "Азаттыктын" регионалдык баяндамачысы Ян Максимюктун пикиринде, азырынча экинчи жана үчүнчү орунга чыккандарды негизги жеңүүчүлөр деп санаш керек:

- Шайлоонун математикалык жеңүүчүлөрү Юлия Тимошенконун блогу жана президент Ющенкону колдогон блок болуп калды. Экөө коалиция түзсө, парламентте 228 орунга ээ болушат, бул зарыл болгон көпчүлүктөн болгону эки орунга көп.

Баяндамачы бир эле мезгилде эгер Социалисттик партия 3 пайыз добуш алып, парламентке өтүп кетсе, cаргылтым төңкөрүш лидерлеринин коалициясы солгундап калышы мүмкүн экендигин эскертти. 2,9 пайыз добуш алган социалисттер добуштарды кайра саноону талап кылууга ниеттенишүүдө. Эгер 3 пайызга жетсе, алар парламентте 15 орунга ээ болушмакчы.

Эгер социалисттер парламентке кирип калса, Тимошенко менен Ющенко өкмөт куроо үчүн үчүнчү партияны шерик кылып алууга мажбур болушат. 3 пайыздык тоскоолдуктан өткөн коммунисттер менен социалисттерди төңкөрүшчүлөр шерик кылууга кызыгышпайт. Демек? бир гана парламенттин мурдагы спикери Володымыр Литвиндын блогу калат. Бул блок 20 мандатка ээ.

Ортодо дагы башка комбинациялар болуп кетиши мүмкүн. Мисалы саргылтым төңкөрүштөгү душмандар Янукович менен Ющенко коалиция түзүшү ажеп эмес. Ошондой эле Региондор партиясы, коммунисттер, социалисттер жана Литвиндин блогу бириксе да парламенттик көпчүлүккө ээ болот. Айтор, 30-сентябрдагы парламенттик шайлоонун чыныгы жеңүүчүсү ким экенин парламентте жаңы көпчүлүк түзүлгөндөн кийин гана айтууга болот.

Украинанын конституциясында мындай көпчүлүк жаңы парламенттин расмий ачылышынан кийинки бир айдын ичинде түзүлүшү керек деп айтылат. Бирок сандардын талашы чыгып кетсе, шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын жакын арада жарыялай албайт. Демек, өкмөт түзүү бир топ мезгилге кечеңдеши мүмкүн. Эгер коалиция өз убагында түзүлбөсө, Ющенко парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялоого укуктуу. 30-сентябрдагы шайлоо Украинадагы акыркы 3 жылдагы үчүнчү шайлоо болуп калды.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG