Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

ТАЖИК БИЙЛИГИ ДИН МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Тажик жетекчилиги акыркы мезгилде диний экстремизмге каршы кеңири аракеттерди баштады жана аны менен кошо диний негизде түзүлгөн уюмдар жана карапайым жарандар дагы жапа чегүүдө. Бирок мектептерде хижаб тагынууга тыюу салынганы менен, "Хизб ут-Тахрир" сыяктуу партиялар дээрлик эркин аракеттенет.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 28-сентябрда Шанхай кызматташуу уюмунун Антитеррордук башкармалыгындагы төрагалык Орусиядан Тажикстанга өттү. Жыйында чыгып сүйлөгөн Тажик коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Абдулло Назаровдун айтымында, анын төрагалыгы алдында Борбор Азияда исламдык халифат түзүүгө аракеттенген күчтөргө каршы катуу чаралар көрүлөт.

Тажикстандагы ич-ара согуш - бийлик менен диний оппозиция ортосунда мунаса түзүлгөндө токтогон жана Исламдык кайра жаралуу партиясынын төрагасы Саид Абдулло Нури өлкө жетекчилигине кирген. Бирок андан бери өткөн 10 жылдын ичинде тажик бийлиги диний уюмдардын өкүлдөрүн бийликтен акырындап сүрүп чыкты жана былтыр Нури каза болгондон кийин алар дээрлик таасири жок калды.

Нуринин ордуна партиянын төрагасы болуп шайланган Мухиддин Кабиринин айтымында, бийликтин диний уюмдарга каршы көрүп жаткан аракеттерин өзүн экстремизм деп атаса болот. Ошол эле учурда "Хизб ут-Тахрир" партиясын өлкөнүн Башкы прокуратурасы террордук уюмдардын тизмесине киргизүүдөн баш тартты, Борбор Азияда исламдык халифат түзүү демилгесин болсо дал ушул партия көтөрүп келет.

Аны менен катар Тажикстандын аймагында диний экстремисттик уюмдар көп экени да белгилүү. Америкалык "Эй-би-си" сыналгысы жакында - Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы тоолуу аймактарда түзүлгөн андай экстремисттердин машыгуу базаларын көрсөттү. Алар азыр өтө кыска мөөнөткө - бир-эки аптага гана түзүлөт жана Батыш мамлекеттеринин спутниктери аркылуу алар табылып, Ооганстан же Паикстандагы аскерлер аларга каршы аракет даярдаганга чейин башка жерге көчүп кетүүгө үлгүрөт.

Мындай базалар Тажикстандын тоолуу аймактарында да болушу мүмкүн деп көп айталууда. Тоолуу Бадакшан автономиялык дубанынын башкы прокурору Рашид Гүлматшоев 2-октябрда билдиргенге караганда, аймакта улам өсүп бараткан диний экстремизм - чет мамлекеттердеги медреселерде билим алган жаштар аркылуу алып келинүүдө:

"Мисал үчүн, Ванж аймагында, Язгулом өрөөнүндө жана башка жерлерде тажиктер үчүн чоочун диний окуулар пропагандаланып, таратыла баштады. Язгулом өрөөнүнүн калкы террордук аракеттерге да аралашып баратат, алар негизинен - чет мамлекеттердеги диний окуу жайларын бүтүрүп келгендер", - деп билдирди прокурор.

Август айында Ванж аймагынын жетекчилиги "Мавлави" деп аталган диний топтун аракеттерине тыюу салды, аны - башка мамлекеттердеги медреселерди бүтүрүп келген жаштар түзгөн. Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев июнда билдиргенге караганда болсо, "Өзбекстандын исламдык кыймылы" акыркы мезгилде өз аракеттерин кайрадан күчөтө баштады.

СССР чачырап, мамлекеттик идеология жоюлгандан кийин жана өзгөчө экономикалык абал өтө начарлагандыктан карапайым калк арасында диний идеялар кеңири жайылды. 1990-жылдарда Тажикстандын дүң өндүрүшү 70 пайызга төмөндөп кеткен, мындай абалда жакыр адамдардын керектөөлөрүнө дин жана кайрымдуулук кылган диний уюмдар жооп бере баштаган. 1980-жылдарда Тажикстанда 17 гана мечит болсо, азыр алардын саны үч миңден ашты.
XS
SM
MD
LG