Пакистандын сүргүндөгү экс-премьер-министри Беназир Бхутто президент Первез Мушарраф менен бийлик бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын билдирди. Лондондо өткөн маалымат жыйынында Бхутто айым айтканда, Пакистанда ага каршы ачылган кылмыш иштери токтотулган жок. Кечээ Пакистан өкмөтүнүн өкүлү министрлердин көбү негизинен Беназир Бхуттого тагылган коррупциялык иштерге байланыштуу кинелерге мунапыс жарыялоо маселесин макулдашканын билдирген. Ишембиде өтө турган президенттик шайлоодо генерал Мушарраф 2-мөөнөткө талапкер болуп катталган.