Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

УКРАИНА КАРЫЗЫН ТӨЛӨБӨСӨ, “ГАЗПРОМ” КӨГҮЛТҮР ОТУН БЕРҮҮНҮ КЫСКАРТАРЫН ЭСКЕРТТИ


“Газпром” компаниясы эгерде Украина газ үчүн жыл башынан бери топтолгон карызын октябрдын аягына чейин төлөбөсө, өлкөгө көгүлтүр отунду берүүнү кыскарта турганын шаршемби күнү эскерткен эле. Бул эскертүү россиялык компания 2006- жылдын башындагыдай Украинага газ берүүнү кыскартат го деген кооптонууну жаратты. Өткөн жылдын башында “Газпром” Украинага газ берүүнү азайтканда, андан Европа өлкөлөрү да жабыркаган.

“Газпром” жана Украина бул ирет Европа өлкөлөрүн газ менен камсыздоо былтыркыдай үзгүлтүккө учурабасын алдын ала эскертишти. Бирок, Украинанын газ үчүн өткөн тогуз айда төлөнбөгөн карызы боюнча эки жак бир пикирге келе элек. “Газпромдун” эсебинде, Украина 1, 3 миллиард доллар карыз. Ал эми Киевде болсо сумманы такташ керек дешет. Анткен менен, 3- октябрда Украинанын отун энергия министри Юрий Бойко Москвага шашылыш учуп келип, карызды жөндөө маселесин 1-чи вице- премьер Дмитрий Медведев менен талкуулады. Медведев өкмөт контролдогон “Газпромдун” төрагасы да. Сүйлөшүүдө Медведев карызды кечиктирбей төлөп берүүнү сурады.

Парламенттик шайлоонун арсар жыйынтыгы менен алек болуп жүргөн Украинанын өкмөт башчысы Виктор Янукович 2008- жылы азыркы бааны сактоо маанилүү деп санайт:

-Бул өтө татаал проблема. Аны жөндөөдө биз азыркы бааны өзгөртпөй сактоого жана өз ара мамилени ургаалдуу нукта кармоого тырышуубуз керек.

Учурда Россия 1 000 куб метр газды Украинага 130 долларга сатат. Ар жылдын башында “Газпром” КМШ жана Балтия өлкөлөрүнө сатылган көгүлтүр отундун наркын жогорулатып турат.

Украинанын газга болгон жылдык керектөөсү 70 миллиард куб метрге барабар. Анын негизги бөлүгүн өткөн жылдын башына чейин Түркмөнстандан түз сатып алып турган. Бирок, 2006- жылдын январында Россия менен түзүлгөн келишимге ылайык, Украина түркмөн, ошондой эле орус газын беш жыл бою “РосУкрЭнерго” компаниясы аркылуу сатып алчу болгон. Ортомчу компанияны “Газпром” контролдойт.

Россияда 25 жылга түркмөн газынын дүң сатып алуу жөнүндө келишими да бар. Ошондуктан, Украинанын мурдакы президенти Леонид Кучма айткандай, түркмөн газын түз сатып боюнча келишимдин мөөнөтү 2006- жылы бүткөндөн кийин, «Украина түркмөн газын Россия аркылуу сатып алып калган”.

Юлия Тимошенко премьер- министр болсо, ал “РосУкрЭнерго” менен түзүлгөн келишимди буздуруп, өкмөттүк “Нафтогаз” компаниясы газды Түркмөнстандан же “Газпромдон” ортомчусу жок түз сатып алмай болот.

Эгер Виктор Янукович премьер- министр бойдон калса, ал “РосУкрЭнерго” менен сүйлөшүүгө барат. Бирок, сүйлөшүүдөн украиналык ишкер Дмитрий Фирташ жана компаниянын акцияларынын теңин россиялык “Центрогаз” аркылуу контролдогон анын өнөгү Иван Фурсин четтетилери анык.

XS
SM
MD
LG