Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

9:50 Тышкы иштер министринин орун басары кыргыз тилин билбегени үчүн сынга кабылды


Жогорку Кеңеш бүгүн эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселесин кароодо. Бүгүнкү жыйын TICA программасынын Кыргызстандагы ишмердиги боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди кароодон башталды. Бул боюнча депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов маалымат берүүдө. Бирок суроо-жооп учурунда депутат Өмүрбек Текебаев кыргызча берилген суроого кыргызча жооп беришин талап кылды эле министр орун басары мамлекеттик тилде жооп бере алган жок. Ушундан улам Өмүрбек Текебаев мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер мамлекетик тилди билүүгө милдеттүү экенин эскертти. Депутат Муратбек Мукашев муну дискриминация деп атап, орус тили бизде расмий тил экенин айтты. Башка депутаттар да министр орун басарынын кыргызча билбегени анын кемчилиги экенин белгилешти. (SM)

XS
SM
MD
LG