Маалымат семинарларын “Атуулдук платформа” бейөкмөт уюму уюштурууда. Уюм жетекчиси Алишер Мамасалиевдин айтымында, жаңы шайлоо кодекси боюнча парламенттик шайлоого катышып жаткан партиянын тизмесинде жаштардын үлүшү 15 пайыздан кем болбошу керек. “Бул жаштардын саясатка катышуусунун бирден-бир жолу болгондуктан, мен студенттерди саясий позицияларына дал келген партияларга өтүүгө чакырам”,- деди Алишер Мамасалиев. Референдумдун максаттары жана шайлоо кодексинин жаңы долбоору тууралуу семинар бүгүн Бишкектеги мамлекеттик дене тарбия институтунда өтөт. Мындай семинарлар борбор калаанын бир катар жогорку окуу жайларында 10-октябрга чейин жүрмөкчү.