Парламенттин бүгүнкү жыйынын баштап жатып төрага Марат Султанов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев дан маселеси боюнча Орусия премьер-министри Виктор Зубков менен сүйлөшүү үчүн кечээ Москвага жөнөп кеткенин, бул тууралуу маалыматты расмий булактардан алганын айткан. Бирок ошол эле учурда башка депутаттар төраганын бул маалыматын туура эмес деп четке кагышкан. Өкмөттүн маалыматын кызматынан болсо премьер-министр Москвага кетти деген маалымат туура эместигин, ал азыр иш ордунда экенин «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, эки күн сыркоолоп жаткан өкмөт башчы жумушка бүгүн чыккан. (SM)