Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

12:44 Бишкек шаардык соту медициналык академиянын ректорун актаган чечим чыгарды

Бүгүн Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Догдурбек Адамбековду толугу менен күнөөсүз деп тапты. Коргоочу Галина Скрипкина “Азаттыкка” билдиргендей, Догдурбек Адамбековго кылмыш-жаза Кодексинин беш статьясы, анын ичинде кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик акчаны мыйзамсыз колдонуу беренелери боюнча кине коюлган. 6-августта Ленин райондук соту Адамбековду күнөөлүү деп таап, 7-августтан тарта ал ректорлук кызматтан четтетилген. Бүгүнкү чечими менен Бишкек шаардык соту райондук соттун вердиктин жокко чыгарды. (JTo)
XS
SM
MD
LG