Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

ЧЕМПИОН “ДОРДОЙ-ДИНАМОНУ” КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИ САЛТАНАТ МЕНЕН ТОСТУ


4-октябрда Пакистанда өткөн Азия Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун экини ирет жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасын кыргызстандык күйөрмандар зор салтанат менен тосуп алышты.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун күч сынашуусуна катышкан Кыргызстандын үч жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы баш байге үчүн таймашта Непалдын чемпиону «Махендра- Полис» командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алган. Кыргыз футболунун тарыхындагы ийгилик жараткан дордойчуларды «Манас» аэропортунан күйөрмандар кубаныч менен тосуп алышты. Турнирдин кубогун кармаган «Дордой-Динамо» футбол клубунун президенти Аскар Салымбековду Жогорку Кеңештин айрым депутаттары командасынын жеңиши менен куттукташты.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын Азия кубогун экинчи ирет жеңип алышы, кыргыз футболунун чоң ийгилиги экенин, футбол дагы чоң саясат, ушундай духту көтөргөн спорт оюндары идеологиянын башаты болоорун Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков белгиледи.

-Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли акырындык менен жогорулап, чеберчилиги менен тааныла баштаганын “Дордой-Динамо” командасы далилдеди. Ушул турнирде командабыз экинчи ирет атаандаштарын алдыга чыкканы да жакшы жөрөлгө болду. Эми кыргызстандык жигиттер финалда непалдыктардан мыкты ойноп, негизги убакытта эле 2:1 эсебинде жеңиш менен оюн аяктады. Жеңиш оңой менен келген жок. Айрыкча жарым финалдык таймашуу өтө курч мүнөздө өттү.

Ошентип баш байгени Нарындын «Дордой-Динамосу» экинчи ирет жеңип алып, чоң күмүш Кубок жана 50 миң доллардык чек менен сыйланды.

Айрыкча жарым финалдык оюндар курч мүнөздө болгонун, быйылкы атаандаштардын даярдыгы мыктылыгын “Дордой- Динамо” командасынын чабуулчусу Замир Жумагулов айтты.

«Дордой- Динамо» командасын капитаны Руслан Сыдыковдун айтымында Непалдын чемпиону “Махендра Полис” командасы менен болгон финалдык таймашта Кыргызстандын намысы сакталды. Эми футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурууга мезгил жеткенин капитан белгиледи.

«Дордойдун» дарбазачысы Валерий Кашуба турнирдин мыкты оюнчусу деген сыйлыкка арзыган. «Дордойчулар» финалга чейинки оюндарда Камбоджанын чемпиону “Кхемара” командасын 4:0 эсебинде, Непалдын чемпиону “Махендра Полис ” командасын 3:0 эсеби менен жана Тайвандын чемпиону “Татунг” командасын 5:0 эсебинде утуп, өз тобунда биринчи орунду ээлеп, жарым финалга чыккан.

“А” тобунун лидери Тажикстандын “Регар” командасы жарым финалда Непалдын чемпиону “Махендра Полис ” командасына 2:1 эсебинде жеңилип калып, быйыл финалга чыкпай калышты. «Дордойчулар» жарым финалда Шри-Ланканын чемпиону «Ратнам» командасын 5:4 эсебинде жеңип алышкан.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун экинчи ирет уткан Нарындын «Дордой- Динамо» командасына 50 миң америка доллары жана кубок ыйгарылган.

«Дордойдун» жеңишинин урматына МАИ кызматкерлеринин коштоосундагы автокербен Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүн аралып, команданын желегин булгалап, «Дордой- чемпион» деп кыйкырып жүрүштү. Алардын жеңишинин урматына Алатоо аянтында жана «Дордой- плаза» соода комплексинин жанында салют атылып, жүздөгөн футбол күйөрмандары кубанычты тең бөлүштү.

Футбол күйөрмандардын эсине, мурдакы жылы биринчи жолу өткөрүлгөн бул турнирдин баш байгесин Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы утуп алган. Анда Нарындын «Дордой –Динамо» командасы экинчи орунду ээлеген. Былтыр жана быйыл “Дордой-Динамонун” футболчулары эки ирет катары менен баш байгенин ээси болушту.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG