Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: КЫРГЫЗДЫН АЛТЫНЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КЫЗМАТ КЫЛА БАШТАЙТ


“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши каржы министри Акылбек Жапаров болду. Сөз “Камеко” корпорациясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн Кумтөр боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жөнүндө жүрдү. Акылбек Жапаров бул сүйлөшүүлөрдө кыргыз тараптын эксперттик тобун жетектеген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстан “Центерадагы” үлүшүн эки эсе көбөйтө алган эле.

- Ушул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстан “Центеррадагы” ири акция кармоочулардын катарына кирди. Акцияларды көбөйтүү Кыргызстан үчүн эмне берет?

- Буюрса, азыр акциялардын баасы 9 долларга чейин чыкты. Биздин 66 млн. 300 миңге жакын акциябыз болуп калды. Биринчиден, бүгүнкү күнү эле 660 млн. доллардын тегерегиндеги активибиз пайда болду. Экинчиден, жакынкы үч жылдын ичинде эгерде парламент колдоп бере турган болсо 160 млн долларга чейин салыктарды алмакчыбыз. Ошону менен буюрса биринчи жолу кыргыздын алтыны кыргыз элине кызмат кыла баштайт деген ой-пикирдебиз.

- Акция бул баалуу кагаз. Бирок анын көпчүлүгүн эки жыл бою сатпайбыз деген милдеттенме болдубу ушул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында?

- Биз мындай деп сүйлөштүк, 19 пайызын 2003-жылга cалыштырмалуу "Камеко" корпорациясы бизге берди. Эгерде мурунку өкмөт акцияларын сатып ийбегенде, бүгүнкү күнү бизде 52 пайыз болот эле. Ошондо биз "Камеко" компаниясы менен мындай деп сүйлөшүп атабыз, сиздердики 33 пайыз, биздики 30 пайыз болду. Рынок жерге шарт түшүп кетпеши үчүн биз 17 пайыз акцияларыбызды счетто кармап турабыз, силер дагы, биз дагы. Бирок акциянын баасы 13,30 пайыз болсо, же болбосо келерки эки жылдын ичинде бөөдө кырсыктан тышкары болсок, анда андан ары алар дагы, биз дагы сата алабыз деген ой-пикирди айттык. Бирок кыргыз жактан эксперт катары мен айтып коеюн, биз бул акцияларды сатпайбыз, сатууга да умтулган жокпуз.

Анткени, биздин оюбуз боюнча 2010-жылы мунун баасы 16 долларга чейин чыгат. Ошондуктан биз бул акцияларды залог катары пайдаланып, бөлөк кредиттерди алып келүүгө ниеттенип жатабыз.

-Эки жылдан кийин алтын кени азайып, акциялардын баасы түшүп, Кыргызстан дагы эле эч нерсесиз калбайбы деген маселе?

- Жок. Өзүңүздөр билесиздер, биздин расчетто 650 доллардын тегерегинде жаздык эле. 1 унца алтындыкы бүгүнкү күнү 730 долларга чейин чыкты. Бул эмнени айтат, бул салыктар боюнча 200 млн. долларга чейин жакынкы арада алабыз. Ошонун ичинде Ысыккөлгө Кумтөр долбоору иштегенден бери 1 млн. 200 миң доллар түшкөн болсо, анын дагы 1 млн. долларын шумпайлар жайлап кеткен экен. Азыркыга чейин укук коргоо органдары таппай жүрөт. 200 миң доллардын тегерегинде эле жардам көрсөтүлгөн. Азыр болсо ошонун 1 пайызы эмдиги жылы 3 млн. доллардын тегерегиндеги акча болгон атат. Биз болсо сүйлөшүп атабыз, бул компаниянын эң чоң акционери катары лицензиялык аянтта буюрса дагы азыркы калып калган алтындардан 400 тоннага чейин бар. Бирок ошонун тегерегинде дагы 243 тоннага чейин алтыныбыз бар.

Мындан тышкары бүгүнкү күнү эгерде Монголияда Бору менен Гацурттуку мурун 10 тоннанын тегерегинде деп атса, алар дагы лицензиялык площадын көбөйтүп, монголдун өкмөтү, парламенти менен сүйлөшүп, азыр изилдөөлөрдү бүтүрүштү. Ошонун негизинде алардыкы 60 тоннага чейин алтындын запастары көбөйдү.

-Центеранын акциясы кимдерде, алардын арасында мурунку президент, же ага жакын кишилер жокпу?

-"Камеко" компаниясы менен сүйлөшүп атканда биз бир гана нерсени түшүндүк, бүт болгон күнөөнүн бары кыргыз жакта экен. Анткени өзүңүздөр карап көрсөңүздөр, 1992-жылы 31-декабрда Торонтого учуп барып, биздин премьер-министр кол коет, 2003-жылы реструктуризация болуп атканда Танаев деген эргулубуз болсо 31-декабрда бүрөөнү да өкмөттүн заседаниесинде карабай туруп кол коюп, аяз ата боло беришкен. Мурунку качып кеткен президент Аскар Акаевдин кеңешчиси айтып атат, 300 миллиндон 500 млн. долларга чейин Кумтөр долбоорунан мурунку качып кеткен президенттин акчалары болушу мүмкүн деп. Мындай дегенге мен толугу менен кошулам, же болбосо мынчалык зыяны биздин экономикага тийбейт эле.

-Ошол сүйлөшүүлөрдү 2003-жылы Айдар Акаев Канадага барып жүргүзгөн деген сөз канчалык чындык?

-Бул эң туура болуп атат. Анткени, мурун андан кийин дагы менде анча-мынча иштеп калды, Эмирлан Төрөмырзаев атайын жумушчу топту жетектеген. Бирок ошол убакта тыш жактан алып келе турган инвестициялардын башкармасынын начальниги Айдар Акаев болгон жана ал министрдин кеңешчиси болгон. Жумушчу топ 12 кишиге чейин барган экен. Айрым бир мүчөлөр менен сүйлөшкөндө алар да ошону толуктап айтып берди, Айдар Акаев атайын учуп барып келген, сүйлөшүүлөрдүн баары ошол жакта өткөн. Запастар, геология боюнча документтер орусча берилген эмес. Эртеси эртең менен эле баары сүйлөшүп бүттүк деген келишимге кол коюп алып кайра келе беришкен. Мен изилдетип көсөм, азыр мен финансы министри болуп иштеп атам, башкарманын начальниги болгон, бирок командировка алган эмес, бирок чогуу учуп барган топтун баары көргөн. Америкага да, андан ары Канадага чогуу учуп барып, ошондон кийин кайра келип эле реструктуризация жазалган.

-Бул коррупциялык келишим деп аталган ага жооп береби, кылмышка жооп берүүсүнө тартууга аракет барбы? Андан кийин Центеранын акциялары жергиликтүү фондулук биржада качан сатыла баштайт?

-Эгерде парламент колдой турган болсо эмдиги жылдан баштап биздин жергиликтүү фондулук биржага чыгарсакпы деп ойлоп атабыз. Мындан тышкары биз сунуш киргиздик, эксперттер ошонун баарын караштырып чыгып атат. Элдик акцияларды кылып, өзүбүздүн акциялардын эсебинен дагы элге берип, биздин кишилер дагы ошол акцияларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алсын деп. Калганын кудайдан көрө жатабыз.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG