Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ СУУ САТУУ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ


Келерки жылдын апрель айына чейин электр кубатына баа көтөрүлбөйт, деп билдирди энергетика министри Игор Чудинов бүгүн парламент отурумунда. Ал ошондой эле коңшу мамлекеттерге электр кубатынан тышкары өлкө аймагынан агып чыккан агын сууну коңшу мамлекеттерге сатуу маселеси да козголуп жатканын билдирди. Депутат Алманбет Матубраимовдун пикиринде мамлекет биринчи кезекте энергетика коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл, болбосо өлкөнүн келечегине чоң коркунуч туулат.

Бүгүн парламентте «Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү концепциясы жөнүндө» КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрында Москвада кол коюлган чечими ратификацияланды. Талкуу учурунда депутаттар энергетика жана отун ресурстары боюнча министри Игор Чудиновго бир катар суроолор менен кайрылышты. Өз жообунда Чудинов келерки жылдын апрель айына чейин электр кубатына бааны жогорулатпоо тууралуу өкмөт чечим кабыл алганын белгиледи.

Бир катар депутаттар кийинки мезгилде абаырайынын кургак болуп, Токтогул ГЭСинде суу аз топтолгонун, дарыялардын көлөмү азайып баратканын эске алышып, Кыргызстандын аймагынан агып чыккан сууларды сатуу маселесин көтөрүштү. Депутат Мамытбай Салымбеков Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов «Ортоазиядагы агын суулар бардык улуттарга бирдей болушу керек»,- деп чыкканда, Кыргызстан «газ байлыктары да бардык улуттарга таандык»,- деген маселе көтөрүп чыкпаганын айтты.

-Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде өзбек президенти Ислам Каримов биздин президент Курманбек Бакиевге жаш баладай мамиле кылып, бул маселе боюнча сөз кылбагыла деп кабак үйүргөнүн кандай түшүнөбүз.Кошуна өлкөлөргө сууну сатуу орчундуу маселе экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Салымбеков министр Чудиновдон коңшу мамлекеттерге дарыялардын суусун сатуу маселесин аягына чыгаруу талабын койду. Депутат Арслан Малиев болсо электр кубаттуулугун сатпастан, товар иретинде сууну да сатууга болорун эскертти. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган «суу жөнүндө» мыйзам жоболорунун айрым бир бөлүктөрүн Энергетика министрлиги тез арада ишке ашыруу маселесин кабыргасынан койду. Игорь Чудинов ноябрь айында өзбек өкмөтү менен газ боюнча сүйлөшүүлөр болгондо, суу маселеси да козголорун айтты.

-Ноябрь айында Өзбекстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө газды Кыргызстанга берүү жана жазында биз тараптан суунун бөлүнүшү тууралуу маселе козголот. Мен азыр сууга акы төлөө мөөнөтү качан болоору тууралуу так айта албайм. Бирок биз сууну сатуу позициябызда турабыз.

Чудинов ошондой эле кышка карата план боюнча даярдыктар көрүлүп жатканын, мазут боюнча маселе татаалдашып турганын жашырган жок.

Парламент депутаты Алманбет Матубраимовдун пикиринде энергетика коопсуздугун мамлекет тез аранын ичинде колго алып, электр кубаттуулугунун чыгымын азайтууну катуу көзөмөлгө алуусу зарыл.

-Бир эки жыл суунун азайган мезгили болот. Бул табигый көрүнүш. Ушуну эске алып, бул учурду колдонушубуз керек. Энергетиканы эле сатпастан биз суунгу да сатышыбыз керек. Муну мамллекет колго алуусу зарыл. Ошондуктан биз энергетика тармагын катуу текшерип көзөмөлгө албасак болбойт. Электр кубатынын жоготуусун азайтышыбыз керек. Биз жоготууну кайда кетирип атат? Кандай колдонуп атат? Бул маселе боюнча бир дагы киши жооп бере элек. Ошондуктан бул маселеге жооптуу адамдарды мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартып, бардыгын орду-ордуна коюш керек.Эгер минте берсек Кыргызстандын келечегине, энергетикалык коопсуздугуна коркунуч келтирип алабыз,-деди Алманбет Матубраимов.

XS
SM
MD
LG