Бу маалыматты партиянын саясий кеңешине кирген либерал-демократтардын бири ырастады. “Туура,бу маселени талкууладык. Аны эми партиянын курултайына койобуз, курултай ноябрдын биринчи он күндүгүнө белгиленди”, - деп айтты ал.
Либерал-демократтардын саясий кеңеши жарыялаган билдирүүдө Ислам Каримовго “өлкөдөгү туруктуулукту сактоо үчүн, калктын турмушун жакшыртуу, бардык чөйрөдөгү масштабдуу демократиялык реформаларды улантуу үчүн” президенттик кызматта дагы бир мөөнөткө калуу өтүнүчү айтылган.
Жергиликтүү укук коргоочулар менен Батыш жамааты Каримовду жарандык эркиндиктерди чектегени, экономикалык реформаларды муунтуп салганы үчүн такай сынга алып жүрүшөт. Өзбекстанда оппозициялык бир да партия жок.
Ислам Каримов өзү болсо бийликте калар-калбасын азырынча айта элек. Анын президенттик кызматка турганына он жети жыл болду. Ошондон бери конституция бир нече жолу өзгөртүлдү, ар бир ирет Каримов мамлекет башчылыгында калды. Соңку түзөтүүлөрдө президенттик кызматтын мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылды. Жаңы эрежеге ылайык Каримов бу жолу талапкерлигин көрсөтө албайт. Бирок байкоочулар негизги мыйзам дагы оңдолуп-түзөтүлөт дешет.
Өлкөдө легалдуу иш жүргүзгөн беш партиядан төртөө либерал-демократтарга чейин мамлекет башчылыгына өз талапкерлерин аташкан эле. Алардын арасында аялдар да бар. Президентикке өзүн-өзү кандидат кылып көрсөткөн дагы бештей адам чыкты эле, алардын бирин да шайлоо комиссиялары каттоого алган жок.
Талапкерлер мүмкүнчүлүгүн чамаалап, көз карандысыз журналисттердин бири Абдурахман Ташанов партиялар кандидат кылып көрсөтүп жаткандар президент Ислам Каримовго теңтайлаш атаандаш боло алат деп ойлоонун өзү күлкүлүү экенин, алардын баары бийликтердин демократия оюнуна куурчак болуп берерин белгиледи.
Өзбекстандагы президенттик шайлоо 23-декабрга белгиленген.