Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

НАН БОЛСО ЫР ДА БОЛОТ


Кыргызстан калкынын жылдык керектөөсү 1 миллион 100 миң тонна буудайды түзөт. Бирок да жылдан-жылга буудай аянттары азайып, дыйкандардын колу сууй баштаган. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу дыйкандар 140 миң тонна кызыл данды кем бастырары болжолдонууда. Сегиз жылдан бери бир калыпта келаткан буудай баасын бу жылы Казакстан да көтөрүп, сыртка буудай сатууну чектеп койду. Күндөн-күнгө азык-түлүк, нандын баасы кескин көтөрүлүп баратышы кыргызстандыктарды да кооптонтууда.

Ак төөнүн карды жарылган сары күздө ун баасынын кескин көтөрүлүп баратышы көпчүлүк арасында эле эмес, каадалуу жыйындарда, өзгөчө өкмөт менен парламент ичинде такай талкууланчу темага айланды. Өкмөт Казакстандан буудай сатып алуу, үрөнчүлүк чарбаларына эмитен колдоо көрсөтүү амалында быйылкы жыл бюджетинен кошумча 750 миллилон сом бөлдү. Парламент депутаты Авасбек Момункуловдун ырасташынча, бул акчанын оордошуп бараткан жагдайды жакшы жагынан оодарып ийиши күмөн.

- Бул 750 миллион сом, орустар айтмакчы, «деңиздеги бир тамчы» болуп жатат. Бул жагдайды оңдобойт.

Айыл, суу чарба кайра иштетүү өнөржай министри Сооронбай Жээнбековдун маалымдашынча, быйыл дыйкандар 230 миң гектир аянтка буудайды аз себишкен. Албетте, эмдиги жылга өкмөт дыйкандарга үрөн, күйүүчү май жагынан жардам көрсөтүп, буудай аянтын дагы 90 миң гектирге көбөйтүү тапшырмасын коюуда.

Баанын кескин көтөрүлүшүн ооздуктоо үчүн өкмөт резервдик фонддон 15 миң тонна буудайды элге арзан баада сатуу аракетин көрдү. Бааны арзандатуунун айласыз амалынан майнап чыкпай, элге 9,5 сомдук ун базарда кантип сатылып жатканына депутат Темир Сариев кызыккан.

- «Ош» базарында 32 сомдон сатылып жатат. Күндө 100 тонна, 200 тонна ун кетип жатат. Алардын баары тең 9,5 сомдон алынып, «Ош» базарында 32 сомдон сатылып жатат. Мынакей, өкмөттүн, мамлекеттин жасап жаткан саясаты.

Баа көтөрүлгөнү менен кыргызстандыктар унсуз калбашына мамлекеттик резерв фондунун төрага орунбасары Бактыбек Сүйүнбаев ошол эле парламентчилер арасында ишендирип кете аларын билдирди.

- Мен бир нерсени ынандырып кете алам, ундан үзгүлтүк болбойт. Ун жагынан жетишпестик болбойт.

Анткен менен ун маселеси ушу тапта өкмөттүн эң чоң башоорусу болууда. Айыл, суу чарба , кайра иштетүү өнөржай министринин орунбасары Ахмаджан Махамадовдун айтуусунда, айылдагы элдин колунда азыноолок буудайы бар, бирок ал өткөн жылдагыдан аз.

- Өткөн жылга караганда 140 миң тонна буудай аз өндүрүлүп жатат. Буудай эми Нарын менен бүтүп калды. Анан эми Казакстандан ишкерлер буудай алып келе башташты. Эми баа төмөн түшпөйт. Аны ушул деңгээлинде кармап туруу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Көтөрүлүп бараткан бааны токтотуп туруш амалында өкмөт сырттан ташылып келген буудайдан 20% кошумча нарк салыгын алып таштоо аракетин көрүүдө. А.Махамадовдун маалымдашынча, 1999-жылдан бери буудай баасы кескин көтөрүлбөй, ошондон дыйкандардын көбү аны сеппей калышкан.

Кыргызстан калкынын керектөөсү 1 миллион 100 миң тонна буудайды түзөрү эгемендик жылдарында такай эле айтылып келатат. Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министри С.Жээнбековдун ырасташынча, мынча көлөмдөгү дан менен камсыз кылууга өлкөнүн кудурети жетет.

- Үрөн менен, дан менен өзүбүздү 100% камсыз кылганга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар.

Апта башында Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев кызыл дандан кайрылышып туруу өтүнүчү менен Москвага барып, орусиялык кесиптеши Владимир Зубков менен жолугушмакчы эле. Бирок да ден соолугунун айынан иш сапарды кийинкиге калтырганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG