Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

ОШ ОБЛУСУНДА ТОГУЗ АЙДА 261 ЖОЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛГАН


Акыркы 9 айдын жыйынтыгына үңүлсөк, Ош облусунда 261 жол транспорт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырганда 7 пайызга көптүк кылат. Мунун кесепетинен 40 адам жарык дүйнө менен коштошуп, 150дөн ашууну майып кейпин кийишти.

Жергиликтүү адистер мындай кайгылуу көрүнүшкө мамлекеттик автоинспекция көбүнчө күнөөлүү деп эсептешет. Алардын ынандыруусуна караганда, жол жана транспорт коопсуздугун камсыз кылуу жана көзөмөлдөө ушул органга гана жүктөлгөн. Тилекке каршы, адистердин пикиринде МАИ кызматкерлери өздөрүнө тагылган мындай милдетти желкилең аткарбай келатышат. Укук уоргоочу Кусанбай Салиев кайгылуу кырсыктардын негизги себептери катары буларды тизмектеди:

- Биринчиден бактылуу номурлар МАИ тарабынан кадимкидей сатылат. Аны машинесине таккан кишилерди эч ким тоспойт. Экинчиден, айдоочулар эрежени таптакыр билишпейт. Дээрлик көпчүлү күбөлүктү акчага сатып алышат. Үчүнчүдөн, МАИ кызматкерлерине кошумча тапшырмаларды, мисалы транспорт ээлеринен салык жыйноону тагып коюшкандыктан, ошону менен алектенишет. Ошондуктан бизде Орусиядагыдай, Казакстандагыдай МАИлерди көзөмөлдөөчү коомдук орган түзүү зарыл.

«Түштүктүн жаш юристтери» коомдук бирикмесинин мүчөсү Куштарбек Жусупбаев бул багытта мониторинг жүргүзүшкөндүгүн маалымдап, кырсыктын көбөйүп жаткандыгына кабатырланды. МАИ коррупциялашкандыгын кыйытып, бирок, ага башка жагдайлар да түрткү болуп жаткандыгына токтолду.

- Жол кырсыктарынан былтыркы жылга караганда 9 айдын ичинде эле 7 пайызга өскөн. Быйылкы жылы Ош облусунда 260дан ашык жол кырсыктары катталган, анын ичинен 40дай өлүм катталган. Биз мониторинг жүргүздүк, албетте элде айтылып жүргөн МАИ коррупциялашкан дегендин чындыгы бар экен.

Атын-жөнүн атоону каалабаган Ош облустук МАИ кызматкери турмуш-шарты ооордугун, жанагындай кылмыштуу жоруктарга аргасыздан барып жатышкандыгын айтты. Грузиядагы кесиптештериникиндей маянасы жакшы болгондо өз элин тономок эместигин улам-улам кайталады.

- Транспорт министрлиги төңкөрүш болгондон бери бир дагы тегиз жол курбаптыр.

Айдоочу Макен Жаңыбаев бөөдө кырсыкка автожолдордун акыркы жылдарда оңдолбой калгандыгы да себепкер деген ойдо:

- Коррупция өскөн маалда мындай иштерди биздин өкмөттүк органдар билет. Алар билип туруп көз жумушат. Себеби МАИлердин тапкан акчасынан губернатор дейли, мэр дейли, милициянын башчылары долясын алат.

Ош облустук МАИ башкармалыгынын жетекчиси Абдиш Турдукулов кесиптештеринин дарегине коюлган дооматтарды жалган жалаа деп эсептеп, жол-транспорт коопсуздугун камсыз кылуу максатында аракеттери күчтүгүн билдирди.

- Бизге жаап аткан жалаалар жалган. Бүгүнкү күндүн ал-акыбалын билбей туруп эле биздин атыбызга ар-түрдүү сөздөрдү айтып атат. Негизинен бүгүнкү күндө МАИ кызматкерлери жол коопсузудугун сактоо жана кырсыктарды алдын алуу боюнча алынын жетишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атат.

XS
SM
MD
LG