Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

5-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1918-жылдын 5-октябрында Түркстан Советинин VI Чукул чакырылган съезди ишин баштады. 2000-жылдын 5-октябрында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанатын белгилөө соңуна чыкты.

1918-жылдын 5-октябрында Түркстан Советинин VI Чукул чакырылган съезди ишин баштады. Жыйында Түркстан АССРинин Конституциясын кабыл алуу күн тартибине коюлуп, анын максат, мааниси жана ички түзүлүшү боюнча талкуу уланды.



1964-жылдын бу күнү кыргызстандыктар республиканын борборунда Советтер Союзунун үчүнчү космонавты Андриян Николаевге салтанаттуу жолугушуу уюштурушту. Ал убакта өлкөдөгү космонавттардын саны алтыга жетип, А. Николаев убагында Фрунзеге жакын жерде жайгашкан аскер авиациясында кызмат өтөгөндүктөн, ага Кыргызстанда ылымсанак мамиле жасалган. «Спартак» стадионундагы жолугушууга он миңдеген адам катышып, космонавт пионер уюмуна салтанат менен кабыл алынып, ага таза кандуу аргымак тартуу кылынган.

1978-жылдын 5-октябрында Кыргыз көркөм искусство музейинде Пишпек-Фрунзенин 100 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн көрсөтмөсү ачылды. С. Чуйков, Г. Айтиев, А. Михалев, А. Игнатьев сыктуу республикалык сүрөтчүлөрдүн калеминен жаралган сүрөт полотнолору социалисттик реализм нугунда тартылып, анда табият жана эмгек темасы даңазалаган.

2000-жылдын 5-октябрында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанатын белгилөө соңуна чыкты. Санкт Петербургдук археолог, профессор Ю. А. Заднепровскийдин аныктоосуна жараша Ош шаарынын башаты мындан 3000 миң жыл илгери түптөлгөндүгү көрсөтүлүп, президенттик жардык менен шаар майрамы 2000-жылдын октябрь айынын башталышында белгиленген. Салтанат алкагында Ош шаарынын тарыхы, маданияты, археологиясына арналган эларалык илимий-пратикалык конференция өткөрүлгөн. Айрым адистердин айтымында, Ош шаарынын майрамы мамлекеттик салттын калыптанышына жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоо үчүн белгиленген.


2004-жылдын бу күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстандын Толук ыйгарым укуктуу элчиси Медаткан Шеримкуловго «Достук» орденин тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.
М. Шеримкулов убагында «легендарлуу» Жогорку Кеңешти жетектеп, анын парламент аралык байланышты чыңдоого кошкон салымы, Шериктештик өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын жогорку сыйлыгы менен бааланган.

Бу күнү, 1823-жылы Англияда биринчи медициналык «Ланцет» журналы чыгарылып, 1609-жылы немец жазуучусу Пауль Флеминг, 1735-жылы орус генералы Алексей Орлов, 1781-жылы чех математиги, философ Бернард Больцано, 1879-жылы америкалык патолог, Нобель сыйлыгынын лауреаты, онкогендик вирусту тапкан Френсис Роус, 1938-жылы француз композитору Джо Дассен жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG