Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

МЬЯНМАДА КАНЧА АДАМ ӨЛГӨНҮ ТАК БЕЛГИСИЗ


Нарын АЙЫП, Прага Мьянма мамлекетинде жакында өкмөткө каршы болуп өткөн митинг-демонстрациялар күч менен таркатылгандан кийин абал турукташа элек. Канча адам курман болуп, канчасы камакка алынганы дагы так белгисиз. Маалыматтарды такташ үчүн айрым укук коргоочулар спутниктерден тартылып алынган сүрөттөрдү дагы пайдаланууга аракеттенип жатат.

Мьянмадагы элдик толкундоолор 19-августта башталган, анткени өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келген аскерий бийлик күйүүчү майдын баасын эки эсеге көтөргөндүктөн, тамак-аш дагы кымбаттап кеткен. Митинг-демонстрацияларга сентябрда будда кечилдери кошулгандыктан, толкундоолор жаңы деңгээлге чыккан, анткени кечилдер өлкөдө кол тийгис болуп эсептелинет. Демонстрацияларга жүз миңге чейин адам катышкан, бирок 25-сентябрда бийлик ок атып, көчөгө чыккандарды күч менен таркатты. Толкундоолор азыр дагы айрым жерлерде уланып жатат, бирок аларга мурдагыдай көп адам катышпай калды.

Канча адам курман болгону эмгиче так белгисиз. Расми маалыматтар боюнча 13 адам өлдү, Австралиянын тышкы иштер министри Александр Донердин айтымында, курман болгондордун саны отузга жетет, Янгун шаарында жайгашкан укук коргоочу уюмдун маалыматы боюнча болсо, өлгөндөрдүн саны кырктан да ашышы мүмкүн.

Британиялык "Таймс" гезити жазганга караганда, Янгун шаарындагы Технологиялык институттун аймагында азыр 1700 адам кармалып турат жана институттун кампусу концлагерге айланды. Укук коргоочулардын айтымында, бардыгы болуп төрт миңге жакын адам кармалды, алардын бир миңдейи кечилдер. Айрым маалыматтарга караганда, бийлик аларды өлкөнүн башка аймактарына алып кетти жана туткундардын изин табуу эми өтө кыйын.

Мьянма сыктуу жабык мамлекеттер менен байланыштуу деги эле маалымат табуу жана таратуу маселеси өтө оор. Аны түшүнгөн бийлик - демонстрацияларды күч менен таркаткан менен кошо интернет байланышын дагы катуу чектеп салды.

Чет мамлекеттердеги укук коргоочуларга болсо жаңы технологиялар жардам берүүдө. Мисал үчүн АКШнын "Илимдеги өнүгүү ассоциациясы" деген уюм спутниктер аркылуу тартылып алынган сүрөттөр менен адам укуктарын коргогон уюмдарды жабдыйт. Ал сүрөттөрдүн айрымдарын изилдеп чыкканда адистер - Мьянма бийлиги өлкөдөгү кээ бир айылдарды акыркы жылдарда толугу менен көчүрүп салып жатат.

Уюмдун Мьянма боюнча адиси Ларс Бромлейдин айтымында, өлкө бийлиги жалпы элди жазалоодо: "Кимдир бирөөнү күнөөлөп, Мьянманын аскерий жетекчилиги бүткүл калкты жазалоодо. Айрым аймактарда жашагандардын айылдарын алар толугу менен башка жерге көчүргөн учурлар бар жана андай адамдар баары чогуусу менен жазаланууда. Кээ бир айыл-кыштактарды болсо алар толугу менен жок кылууда, айрым аймактарга мина орнотууда, адам жашаган айылдарга миналар менен бомбалайт, күрүч себилген талаалар жок кылынууда жана кыштактар - аскерий базалардын жанына көчүрүлүүдө", - дейт Бромлей.

Спутниктер аркылуу алынган мындай маалыматтар акыркы мезгилде соттордо да карала баштады. Мисал үчүн, Африканын Зимбабве мамлекетинде бийлик айрым адамдардын үйлөрүн жөн гана түрттүрүп жок кылып салган. Аны менен байланышкан сотто азыр - дал ушул америкалык уюм тапкан сүрөттөр дагы каралууда: "Спутниктер аркылуу тартылып алынган сүрөттөрдө - Зимбабвенин төрт ар башка аймагында үйлөр жок кылынганын көрсө болот. Андай сүрөттөр азыр Африка Биримдигинде өтүп жаткан сотто каралууда", - дейт Бромлей.

XS
SM
MD
LG