Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

АННА ПОЛИТКОВСКАЯНЫ ЭСКЕРҮҮ КҮЧ ОРГАНДАРЫНДАГЫ БЫЛЫКТЫ АШКЕРЕ КЫЛДЫ


4-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиоисунун Прагадагы башкеңсесинде россиялык журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгын эскерген конференция өттү. Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Топаланек жыйында сүйлөп, эл аралык коомчулукту Россияда сот адилеттигин жана сөз эркиндигин сактоо үчүн өлкөгө көбүрөөк кысым көрсөтүүгө чакырды. Анна иштеген “Новая газетанын” редактору Дмитрий Муратов маркум адилеттүүлүктү баарынан өйдө койгонун жана ал жөнөкөй адамдардын түйшүгүн тең бөлүшкөн инсан болгонун белгиледи.

Анна Политковская былтыр 7- октябрда Москвада үйүнө китип баратканда атып өлтүрүлгөн. Анна 48 жашта болчу. 7-октябрь президент Путиндин туулган күнү. “Новая газетанын” редактору Дмитрий Муратов эскерүү конференциясында айткандай, көптөгөн адамдар Чеченстандагы согуш жана өз көйгөйлөрү тууралуу Аннага чалып, анын баары гезиттен орун тапчу. Муратов Россиянын коопсуздук кызматтарын Аннаны өлтүргөндөрдү табууга тоскоолдук кылууда деп күнөөлөдү:

-Бул адам адилеттүүлүктөн бийик эч кандай бийликти жана чоңдукту тааныбаган. Бул адам эзели душманды ылгаган эмес. Алар эми да коркушат. Россиянын жемсөөлүккө баткан күч органдары Россиянын башкы проркурору жана “Новая газета” изилдеп жаткан ишти бузууга далат кылышууда. Мен атайын кызматтар менен ички иштер министрлигинин кызматкерлери Аннаны өлтүрүүгө жардамдашып- катышты жана уюштурду деп айта аламын.

Прагада болгон эскерүү конференциясына Чехиянын премьер- министри Мирек Топаланек да катышып сөз сүйлөдү. Анын айтышынча, Политковскаянын өлүмүн иликтөө Россиянын сот органдарынын абийириндеги өтө маанилүү иш:

- Россиянын тартип сактоо органдары менен сот системасы чоң сыноонун алдында турушат. Бул ишти иликтөөдө россиялык бийликтер жетишкендигин көрсөтүшү зарыл. Анна Политковскаянын өлүмүн тергөөнүн ийгилиги же утулушу Россиядагы азыркы жагдайдын көрсөткүчү болот.

Топаланектин сөзүнчө, эч ким Россиянын сот органдарына таасир эте албайт. Ошентсе да, ар бир саясатчы берегидей окуяга көзкарашын билдирип, журналисттердин коопсуздугу жана сөз эркиндигин коргоосу зарыл деди Чехиянын өкмөт башчысы.

Британияда чыкчу “Экономист” журналынын орун басар редактору Эдуад Лукаштын пикиринде, Политковскаяны өлтүрүү 1991- жылы Россияда башталган репрессиянын бир чоң үлгүсү:

-Аннаны өлтүрүү, балким, 1991- жылы КГБны жок кылуу ишке ашпай калганда башталган жараяндын бир симптому болду.Бул илдет Путин тактыга отуруп, бийликти колуна топтогондон кийин тездеп, Бесландагы таргедиядан соң дагы күчөдү. Илдет дагы тездөөдө деп айтар элем.

Анна Политковскаяны эскерүү жыйындары ушул күндөрү Москвада, Нью-Йоркто, Вашингтондо, Стокгольмда, Парижде, Лондондо жана башка шаарларда да өтөт.

XS
SM
MD
LG