Каржы министри Акылбек Жапаров башында турган өкмөттүн эксперттик комиссиясы канадалык «Камеко» корпорациясынын өкүлдөрү менен көп күндөп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыры сентябрь айында тил табышып, бир бүтүмгө токтошкон. Жаңы кол коюлган келишим боюнча эки тарап алтынды эмес, акцияларды бөлүшкөн. Кыргызстандын «Центерра» компаниясындагы акциялары эки эсеге көбөйтүлүп, мурдагы 15 пайызды ордуна 30 пайызга чыккан. Каржы министринин маалыматы боюнча, ошондой эле «Кумтөрдөн» салык жыйыноонун шарты өзгөрүп, мындан ары “Центерра” Кумтөрдөн казылып алынып, сатылган алтындын баасынан салык төлөй турган болгон. Андан сырткары сатылган алтындын 1% акчасы Ысыккөл аймагыын фондуна бериле турган болуп чечилген.
«Үч жылдын ичинде биздин акцияларыбыздын баасы бир миллиард 175 миллион болот. Бул реалдуу цифралар. Мына бүгүн акциялардын баасы 9,8 чыккан экен. Ал эми салык төлөө боюнча үч жыл ичинде 161 миллион доллар түшөт,»- деп айтты Акылбек Жапаров депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө. Анын айтымында, «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык ишкана буга чейин тогуз жылдын ичинде болгону 120 миллион доллар салык төлөп келген.
Каржы министринин айтымында, эгер Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча жаңы келишимди бекитпей койсо, Кыргызстанга сотко бара турган жол калат. Эл аралык арбитраждык сотко чейин барууга аракеттер болот. Бирок соттошуу жолунун келечегине ишеним анча эмес. Анын үстүнө, андай учурда Кыргызстанга «Камеко» корпорациясы менен эле эмес, анын акционерлерин камсыздандырырган эл аралык компаниялар менен соттошууга туура келет.
Ошого карабай бир катар депутаттар «Камеко» менен болгон жаңы келишимди Кыргызстандын пайдасына иштебеген чечим катары сынга алышууда. Депутат Карганбек Самаков өкмөттүн акцияны бөлүшүү жөнүндө чечимин жаңылыштык катары белгилеп, келишимди бекитпей кайтарып берүүгө чакырды.
"Мына бүгүнкү күндө акцияларды 30 пайызга көтөрүп келдик деп өкмөттүк бийликти башкарып турган социал-демократтар партиясынын мактанып турушу, - бул кызылдай калп. Эгер эртең Гаурцурт менен Боронун он тогуз тоннасында отуруп алган эл аралык афиристтер бир жакка баса берсе, акцияңардан эч нерсе калбай калат,-деп айтты Карганбек Самаков. (KCh)