Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:28

Т.АКУН: АКСЫ ОКУЯСЫНА ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫСЫ КҮНӨӨЛҮҮ


5-октябрда Аксы окуясы боюнча улантылган сотто президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун алааматтын чыгышына күнөөкөрлөр катары экс-президент Аскар Акаев менен ошондогу президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкуловдун атын атады. Бекназаров Үзөңгүкууштун Кытайга берилгени үчүн сындаганда камалган. Анын айтымында Аксы окуясынын чыгышына депутат Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы аткарылбаганы, губернатордун эл алдына барбаганы, тынч элге курал колдонулганы себепкер. Мурда кылмыш жообуна тартылып, кийин акталышкан Аксы район акими менен ички иштер башкармасынын мурдагы орунбасары да күбөө катары суралды.

Азимбек Бекназаров камалганда анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып ачкачылык жарыялаган Бишкектеги укук коргоочуларды администрация башчы Аманбек Карыпкулов экс-президентке кийирген эмес. Күбөө катары чакыртылган укук коргоочу Турсунбек Акундун болжолунда окуянын чыгышында мурдагы башчылардын айыбы кечирилгис:

- Карыпкуловдун көрсөтмөсү болгон. Азыр болсо жанын жеп ал киши мен күнөөлү эмесмин деп атат. Эң биринчи күнөөлү Карыпкулов. Кудайдын алдында орозонун күнүндө айтып атам мен. Карыпкулов Кудай буюрса айыгып калса сөзсүз келиши керек. Ал киши жооп бербесе болбойт.

Ал 17-мартта районго келатканда демонстранттардан курал, шиштүү таяк, күүйүчү зат көргөн эмес.

17-мартта түшүндүрүү иштерин жүргүзмөк болгон Аксы жетекчилери митинг өткөргөнү келаткан эл менен Боспиек талаасында жолуккан. «Бекназаровдун тарапкерлери Сарычелек коругундагы куралдарды тартып алат, Карасуу айылында жагдай кооптуу, милиционер чатырда жашап, күйүүчү заттар даярдалууда» деген маалыматтар түшкөндүктөн ички иштер Башкарма орунбасары Абдимитал Калбаев жетекчиси Токобаевден телефон аркылуу курал алууга уруксат сураган:

- Балдар курал сурап атат, ал жак кооптуу экен дегенде, уруксат берген курал бергенге, өзүңөрдү этияттагыла, жалгыз барбагыла, аким менен бирге баргыла деп айткан.

Орунбасарынын көрсөтмөсүн микрофонго сүйлөөдөн баш тарткан Кубаныч Токобаев четке какты. Экс баш прокурор Чубак Абышкаев 17-мартта октон жараланган Өтмөнбетов аттуу жигиттен алынган ок Калбаевдин тапанчасына тиешелүү деп жарыялаган. Калбаевдин ал ок кимдин куралынан чыкканын аныктоо аракетине мүмкүндүк берилбеген.

Бирок, участкалык милиционер куулуп, чатырда жашоого аргасыз болгон эмес. Милиционер ызаат-урмат менен айылдан узатылгандыгына жабырлануучу Момунбек Четинбаев күбөө:

- Саздык деген жерде өзүнүн жүздөн ашык эчкиси бар экен, аны КАМАЗга жүктөп кеткен. Ошол үйдө жашаган киши ал кишини үйүнө чейин жеткирип келдим деген түшүнүк катын алып келип тапшырган.

Четинбаев экс аким Шермамат Осмонов каргашалуу окуя алдында оорукананын хирургия бөлүмүн бошоттуруп, кан даярдатууга буйрук бергендигин сурады. Аксыда кырдаал курч турган 75 күндө андан башка башчы элдин абалын укпаган. Акимге байланыштуу каңшаарды саясатчылар чыгарган. Осмонов спецназда курал бар экенин билбеген:

- Төрөт мезгилинде төрөгөндө керек болгон материалды жоктугунан резервде кармайсыңар деген установка болгон. Ал эми оорукананы бошотуп кой деп мен айткан эмесмин, мен ыйык күндүн астында айтып атам. Анын бардыгы Топчубектин токуганы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG