Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:01

МЭТТИНГЛИ: КЕП УЧУГУ КУРАНДЫ МЫЙЗАМДЫН БИРДЕН БИР БУЛАГЫ ДЕП ТААНУУДА


Доктор Терри Мэттингли Тарса коолеждери жана университеттеринин Вашингтондогу журналисттер борборун жетектейт. Илимпоз көбүн эсе диндин коомдогу орду жөнүндө маклаларды жазат жана диний жаңылыктарды маалымат каражаттарынын чагылдыруусун сындаган“GetReligion.org” сайтын редакторлойт. Доктор Мэттингли ислам терррорчуларынын 2001- жылдын 11- сентябрындагы АКШда жасаган чабуулдарынын себеби, алардын жанкечтилиике баруусунун себептери, ислам маданияты жөнүндө Амирбек Азам уулунун суроолоруна жооп берген.

“Азаттык”: - Доктор Мэттингли! Көпчүлүк батыштыктар, анын ичинде талдоочулар да ислам терроризминин пайда болушу саясый- экономикалык жагдайдан мурда мусулмандар ыйык туткан Куранга байланыштуу деген пикирде. Сиз ушундай ойго кошуласызбы?

Др. Мэттингли: - Көпчүлүк батыштыктар дегенге мен кошулбаймын. Ырас, диндин коомдук турмушка аралаштырылып жатканы жана диндин таасири күчөп баратканы жөнүндө террорчулар эмне кылууда жана эмне үчүн мындай кылууда деген кеп-сөз болууда. Бул, менин оюмча, америкалык дипломаттардын шаштысын кетирүүдө. Алар диний жанданууга кандай мамиле кылууну билбей жатышат. Диндин козголуусунун, балким, экономикалык себептери бардыр. Албетте, анын саясый негизи талашсыз. Исламдын саясый жана экономикалык маңызы белгилүү. Ислам түпкүлүгүндө америкалыктарга окшоп динди саясаттан жана экономикадан, ошондой эле жамааттын жашоосунан бөлүп карабайт. Ошентип, эл арасында дин жөнүндө сөз болгондо, америкалыктарда демейде диний тилди угуп, береги динчилдер менен диний элементтер эми эмне кылганы жатышат болду экен дешип тынчы кетмей жайы бар. Бул теманы Американын маалымат каражаттары да кантип чагылдырганды билбей жатат.

“Азаттык”:- Айрым бир эксперттердин пикиринде, эгерде Кошмо Штаттары жана Британия эларалык терроризме каршы согушабыз деп, аскерлерин Ооганстанга киргизбесе, же Саддам Хусейндин алаамат куралдарын жок кылабыз деп, Иракка киргизбесе, бул өлкөлөр ислам террорчуларынын бутасы болмок эмес экен. Бул жүйө канчалык негиздүү дейсиз ?

Др. Мэттингли:- Эгер сиз 2001-жылдын 11- сентябрындагы террордук чабуулдарга катыштыгы бар исламчылардын документтерин окуган болсоңуз, алар эмне үчүн андай кыянаттыка барганын түшүнмөксүз деп ишенем. Алар америкалыктар Арабия жарым аралына жана Сауд Арабиясына келгени үчүн өч алуу максатында террорчулукка барышкан же кандуу булоонду уюштуруунун бир жүйөсү ушул болгон. Америкалык дипломаттар мурда дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө, анын ичинде айрым мусулман маданияттуу өлкөлөрдө биздин аскерий базаларыбыз узак жылдар бою турбады беле деп айтышы ыктымал. Арабия жарым аралында жана Меккенин мекени Саудияда жайгашканы алар үчүн символикалуу болгон жана Америкага каршы террордук соккуу урууга түрткү берген сыяктуу көрүнөт. Сиз эгер Усама бин Ладендин кайрылууларын окучу болсоңуз, ал Батыш өлкөлөрүн бири биринен бөлбөй бир бүтүн катары карайт, крестүүлөрдү жөөттөрдөн же крестүүлөрдөн кийин пайда болгон мамлекеттерди айрымалабайт. Мунун баары ал үчүн бир Батыш. Анын бул көзкарашын бөлүшпөгөн мусулмандар жана иудей динзарлары, ошондой эле бүтүндөй Американын калкынын ал үчүн айрымасы жок. Булардын баары ал үчүн тарсалар жана крестүүлөр. Бул көзкарашты динден бөлүп кароо мүмкүн эмес.

“Азаттык”:- Доктор. Мэттингли. Сиздин мындай көзкарашыңызды мен колдойм. Ырас, эле Дүйнөлүк оода борборунун кошмунара имаратына жасалган чабуулдан тарсалар менен иудейлер эмес, башка да диндердин өкүлдөрү, анын ичинде мусулмандар да набыт болушкан.

Др. Мэттингли:- 11 сентябрда Дүйнөлүк соода борборуна жасалган чабуулдан ондогон улуттардын өкүлдөрү өлдү. Алардын так саны жадымда жок. Осама бин Ладендин террорчулук жолуна түшүүсүнө “Куран”түрткү болгон. Ал Америкада окуп, Американын эркин экономика саясаты жөнүндө жазган. Анын сезими түрдүү элдердин маданиятын камырдай кылып жууруган Нью- Йоркто жараланган. Ал үчүн Нью- Йорк символ болгон. Бин Ладен менен Гитлердин окшош жактары бар. Гитлерде 1940- жылдары Американын асман тиреген имараттарына абадан чабуул жасоо планы болгон. Ошентип, Нью- Йорктогу дүйнө маданияттарынын бир казанга кайнап, камыр- жумур болуп жатканы бен Ладендин кыжырын келтирген. Ал мунун баарын дүйнөдөгү бардык жамандыктын символ- жышааны катары көргөн. Мусулмандардын, иудейлердин, динди чанган атеисттердин, секуляристтердин бир жерде чогуу болуусу- бин Ладен үчүн жамандык.

“Азаттык”:- Америкалыктар үчүн, ошондой эле маалымат булактары үчүн ислам динин түшүнүүдө кандай проблема бар?

Др. Мэттингли:- Америкалыктар үчүн диндерге чыдабастык менен мамиле кылууга ислам чакырбасын, антип айтууга болбосун түшүнгөнү абдан маанилүү. Ислам өлкөлөрү түрдүү маданиятка ээ. Алардын маданияты түрдүү жолдор менен өнүгүп калыптанган. Мисалы, Индонезия жана Малайзия мусулмандарынын салт, үрп- адаты Сауд арабиялык мусулмандардан чоң айрмаланып турат. Америкалыктар бул исламга таандык деп ойлогон нерселердин айрымдары дүйнөнүн кайсы бир ислам өлкөсүнө гана таандык. Перс маданияты араб маданиятына окшобойт, өз өзгөчөлүктөрү бар. Экинчи нерсе, бул талаш демократия жөнүндө болбошу да мүмкүн. Мусулмандар өлкөнү шайлоодо жеңген көпчүлүк башкаруусу керек деп ишениши ыктымал. Суроо негизинен демократия тууралуу эмес. Суроо негизинен, батышта айтылгандай башкаруунун мыйзамдуулугу, мыйзамдын үстөмдүгү, секулярдык мамлекет менен шарият ортосунда жүрүүдө. Көпчүлүктүн башкаруусун оң көргөн мусулмандар үчүн мыйзамдуулук концепциясы- бул шарият. Мен жакында Стамбулда диний конференцияда болдум. Ошондо Батыштан келген мусулман аалымдары азыр күрөш мыйзамдын негизи жөнүндөгү түшүнүк үчүн жүрүп жатканын айтышты. Көпчүлүк мусулмандар Куранды – ыйык, табигый, түбөлүктүк илим булагы болгондуктан, андан башка мыйзамдын булагы жок деп таанышат. Ошон үчүн бул күрөш демократия үчүн эмес, күрөш мыйзам үчүн жүрүүдө дешет аалымдар. Себеби, бардык эмес көпчүлүк мусулмандар Куранды мыйзамдын бирден булагы деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG