Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

ОРУС-КАЗАК КЫЗМАТТАШУУСУ ЫКЧАМДАП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Орусиянын Новосибирск шаарында Казакстан менен Орусиянын чек аралаш аймактарынын төртүнчү форуму өткөрүлдү, ага эки мамлекеттин президенттери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев дагы катышты. Жыйын учурунда өз ара кызматташуу боюнча бир нече келишим жана программага кол коюлду.

Орусия менен Казакстан ортосундагы чек аранын узундугу жети жарым миң чакырымдан ашык, жер менен өтчү мынчалык узун чек ара дүйнөдө жок. Ошондуктан эки мамлекеттин чек аралаш аймактары ортосундагы кызматташуу өтө ыкчам, мисал үчүн, Орусия менен Казакстан ортосундагы 15 миллиард долларга жакын бир жылдык сооданын 40 пайызы чек аралаш аймактарга туура келет. Салыштыруу үчүн, Орусия менен Кытай ортосундагы бир жылдык соода 30 миллиард доллардын тегерегинде экенин айта кетсе болот.

Мындан бир нече жыл мурда Казакстан менен Орусиянын чек аралаш аймактарынын форуму түзүлгөн жана анын Төртүнчү жыйыны 4-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарында өттү. Эки президенттен тышкары ага акимдер, министрлер, башка жетекчилер жана көптөгөн эксперт катышты, жыйын алдында болсо эки өлкөнүн премьер-министрлери Виктор Зубков менен Карим Масимов - Астрахан менен Атырау шаарлары ортосундагы жолдо жаңы курулуп бүткөн көпүрөнү биргелешип ачты.

Форумда - эки мамлекет ортосундагы 2011-жылга чейинки экономикалык кызматташуу жана 2010-жылга чейинки гуманитардык кызматташуу программаларына, ар башка министрликтер менен аймактар арасындагы келишимдер жана көптөгөн башка документтерге кол коюлду.

Президент Нурсултан Назарбаев болсо - Каспий деңизинин боюндагы курулуштарга өзгөчө көңүл бурду: "Владимир Путин экөөбүз бүгүн - алыскы келечекти көздөгөн Каспий транспорт корридорун куруу пландарын талкууладык. Каспий аймагында Казакстан заманга ылайык жаңы курулуштарды өзү баштаган жана ошонун негизинде түндүктөн чыгышка өткөн кубат жана мамлекет аралык Түндүк-Чыгыш транспорт корридорун куруу мүмкүн. Аны менен байланыштуу Орусия, Казакстан жана Түркмөнстан газ куурун жаткыруу жөнүндө дагы макулдашкан", - деп билдирди Назарбаев жыйындан кийин.

Анын айтымында, бул корридор эки мамлекеттин аймагы менен гана чектелбестен, келечекте түштүктөгү Инд океанына чейин жетет: "Каспий корридорун куруу долбооруна анын башталгыч мезгилинде Орусия, Казакстан жана Түркмөнстан катышууда. Келечекте болсо ал түштүктөгү Перс булуңун түндүктөгү Балтик деңизи менен бириктирет. Каспий долбоорунун алкагында эң алдыңкы үлгүдөгү кара жолдор, темир жолдор, электр байланыштары, газ жана мунай куурлары курулат", - деди Назарбаев.

Андан тышкары казак президенти - Каспий менен Кара деңизди бириктирген канал куруу идеясын дагы бир жолу көтөрдү. Эки президент - Каспийдин расми макамы менен байланышкан маселелерди, Кытайда башталып, Казакстан аркылуу өтүп, Орусияга жеткен дарыялардын башын азыр Бээжин бурууга камданып жатканын, террорчулук жана баңги заттарынын тарашы менен күрөшүү жана, албетте, 5-октябрда Тажикстанда башталып жаткан бийик жолугушууларда көтөрүлө турган маселелерди дагы талкуулашты.

Новосибирскте Путин менен Назарбаев - чек араны кайтаруу аспаптарынын көргөзмөсүн дагы көрүштү жана 2009-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна Казакстандын төрагалык кылуу пландарына Маскөө колдоо көрсөттү.

XS
SM
MD
LG