Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

НАХИЧЕВАН: ИШЕМБИЛИККЕ ЧЫКПАСАҢ ЖУМУШТАН АЙДАЛАСЫҢ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Азербайджандын эксклавы Нахичеванда мугалимдер менен доктурлардын, инженерлер менен техникалык кызматкерлрдин ишемби, жекшемби күндөрү мамлекеттик-коомдук жумуштарда иштеп жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок, советтик учурдан айырмаланып, андай ишембиликтер ар апта сайын өткөрүлүүчү болгон жана буга каршы кызматкерлердин эч кимиси баш көтөрө албайт.

Теледеги диктор ишкана кызматкерлеринин ишембиликтерге өз ыктыяры менен чыккандыгын, анда көп жумуш бүтүрүлгөнүн кубана баяндайт. Бирок, азерилердин көбү мындай ишембиликтерге башчылык элди коркутуп-үркүтүп чыгараарын, эл дем алыш күнүндө чөп чаап, эгин жыйноого жеген нанынан айрылып калбас үчүн гана айласыздан чыгып жатканын жакшы түшүнүшөт. " Йени Мусават" оппозициялык гезитинин журналисти Хакимелдосты Мехдиевдин айтымында:

- Мамлекеттик бюджеттен айлык алган ар бир кызматкер талаа жумуштарында иштөөгө милдеттүү. Ар бир мугалим 80 килограммдан ун өндүрүүгө милдеттендирилген. Бул кеминде 200 долларлык жумуш. Айлык-акы болсо 60 доларды гана түзөт, бирок, бул милдеттенмени аткарбасаң жумуштан айдаласың..

Жумушсуздук региондо абдан жогору, ал эми жергиликтүү фермелер болсо акысыз жумушчу күчкө ээ болуп отурушат. Нахичеванды президент Ильхам Алиевдин тууганы, Нахичеван автономдуу республикасынын парламент спикери Вазиф Талибов башкарат.
Серепчилер Нахичеванда диктатордук башкаруу барган сайын күч алып баратканын айтышат. Бул берүүнү даярдап жүргөн кабарчыбыздын артынан коопсуздук органдарынын кишилери карыш жылдырбай ээрчип жүрүштү, ал эми жогоруда интервью берген эркин журналистти биз менен маектешкен соң сабап, 15 суткага түрмөгө камап салышкан.

Армения, Түркия жана Ирандын курчоосунда турган нахичевандыктар советтик мезгилде эле кайраттуулугу менен айырмаланчу. Нахичеван Автономдуу Советтик Социалистттик республикасы, Советтер союузунда биринчилерден болуп эгемендигин жарыялаган. Эгемен Азербайжандын президенттери Абульфаз Элчибей менен Гейдар Алиев экөө тең нахичевандыктар болгон. Бирок, азыр өкмөткө жакпаган көз карашты тутуу Нахичеванда өтө опурталдуу болуп калды. "Адолат" оппозициялык партиясынын өкүлү Иса Мирзеейев мындай дейт:

- Нахичеванда оппозиционер болсоң жумушсуз калып, үйбүлөңдү бага албай каласың, бир туугандарың үчүн кыйынчылактар түзүлөт. Нахичеван трайбализмдин эң мыкты мисалы, өкмөтүк кызматта бир да оппозиционер жок.

Нахичеванда ал тургай оппозициячыларды психиатриялык ооруканаларга жаткырып, оозун баскан, токмоктоп жүрөк үшүн алган учурлар четтен чыгат. 20-сентябрда Элдик фронттун 70 жаштагы мүчөсү Алескер Исмаилов карыяны полициянын башчысын сындаганы үчүн психиатраиялык ооруканага жаткырып салышкан. Бейөкмөт уюмдун башчысы Менеммед Рзаевди полиция кармап кетип, сабап салган. Азыр Нахичеванда эл жогорку өкмөткө арызданмак турсун, ооз ача албай калды, бийлик элдин жүрөк үшүн алып койду, дейт оппозиция.

XS
SM
MD
LG