Өлкөнүн мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвилинин президент Саакашвилини кескин айыптап, оппозицияга өткөндүгүн жарыялагандан кийин эле "арам акчаны адалдады, кызмат абалынан кара өзгөйлүк менен пайдаланды" деген кине менен камакка алынышы, миллиондогон грузиндердин президент Михаил Саакашвилинин тазалыгы жөнүндө күдүң пикирлерди пайда кылды. Бул окуяга удаа массалык митингдерге чыккан жарандар Окруашвилинин, Саакашвилиге койгон айыбынын чын-төгүнүн билгибиз келет, деп ачууланып жатышты.
Калктын буга даана жооп берүүнү күтүп жатканы толук негиздүү. 2003-жылдан бери Саакашвили постсоветтик региондогу эң демократиячыл саясий фигуралардын бири катары батышта сөзгө алынып калган. Бирок, саясат таануучу Марина Мушкелишвилинин көз карашында, өкмөттүн Окруашвили таккан айыптоолорду тыкан иликтөөгө албаганы Грузия саясий системасындагы кемчиликтерден дагы эле арыла электигин айгинеледи.
- Эгерде биз чыныгы демократия болсок, бул окуя өкмөтүбүздө чоң кризиске тамызгы болмок. Саясий режимдин көзүн карабаган түзүлүштөрдө, ал прокуратура болобу, конституциялык сотпу же Жогорку сотпу, окуя токтоосуз иликтенип, анын жыйынтыгы дайын болмок,- деди Мушкелишвили.
Грузиндердин кыйласын саясий чатак демократиялык өлкө деп эсептелген Грузиянын кадыр-баркына көлөкө түшүрдүбү, деген суроо да камтама кылып жатат. "Франц- 24 ТВ" телеканалынын серепчиси Роберт Парсонсдун көз карашында Саакашвилинин жана ал башкарган бийликтин чет элдеги жана өлкө ичиндеги кадыр-баркына өткөн жылдардын жетишкендиктери жана алдыга койгон максаттарды аткаруу перспективасы таасир этет. Сакашвилинин абройуна Окруашвилинин айыптоолору негиздүү экени далилденсе көлөкө түшөт, дейт серепчи.
Башка бир серепчилер тутанган чатактагы башкы уттуруучу Саакашвили да, Окруашвили да эмес, Грузия демократиясынын келечеги, деп эсептешет. Михаил Саакашвилинин өкмөтү теле жана радиоберүүлөрдү катаң көзөмөлгө алды, саясий күчтөрдү бир партиянын колуна топтоп жатат, юридикалык системаснын реформасын кечеңдетүүдө, деп оппозиция тарабынан сынга алынып келатат. Эми буга өкмөт коррупцияга каршы күрөшүн "өң карап жүргүзүп жатат" деген кине кошуламакчы, дейт грузиялык байкоочу Гиа Нодия.