Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

А.БЕКНАЗАРОВ: БАШ МЫЙЗАМ ТУУРАЛУУ ЭЛДЕ ТҮШҮНҮК ЖОК


Депутат Азимбек Бекназаров Аксы окуясы боюнча күбөө катары Жалалабатттагы сотко катышканда «Азаттыктын» кабарчысы ага бир топ суроолор менен кайрылды. Бекназаровдун пикири боюнча референдумдун маселесин эл түшүнө элек, депутаттар менен сотторго кол тийбестик сөзсүз зарыл, Конституция кабыл алынгандан кийин парламенттик-президенттик шайлоо өтө турган болсо, ал кампания өлкөнү экономикалык кризиске батырат. Ал Аксы окуясынын аягына чыгаарына да ишенбей тургандыгын айтты. Депутат менен Ырысбай Абдыраимов баарлашат.

- Азимбек мырза, Жогорку Кеңеш кайсы себептен улам рефрендумду өткөрүү мөөнөтүн артка жылдырууну өтүндү. Референдум үчүн кыска убакыт бөлүнгөнү үчүнбү, же башка жагдайлар барбы?

- Бир нече себептер бар. Биринчи себеби референдум баягы Акаевдин референдумундай эжле мыйзамсыз коюлуп калышы. Биз президенттен суранып атабыз, мыйзамдуу өткөрөлү, кайрадан мурдагыдай жаңжал боло бербесин деп. Экинчиси, ушул убака чейин изилдеп көрдүк, “Эркин тоо” гезитинин тиражында чыкты, башка эч кандай карапайым калктын ичинде жаңы конституциянын долбоору эмне экенин алигиче билбейт. Ошону көбөйтүп, талкуулап, окуяганга мүмкүнчүлүк болсун деп атабыз. Үчүнсчүдөн, бүгүнкү күндө биринчи кезекте азык-түлүктүн кымбат баасын токтотуп, болгон акчаны ошол жака жумшашыбыз керек эле. Айлык акыны, пенсияларды көтөрүп, азык-түлүк, эгин, дан алып, ошону жайга салып алгандан кийин анан рефрендумду кылсак болмок. Ушуга окшогон бир топ себептерден кийин биз президенттен өтүндүк.

- Шайлоочуларыңыз менен пикирлерштиңиз,аларрда Конституциянын долбоорлору тууралу түшүнүктөрү бар бекен?

- Бардынгы айтып атат, али окуй элекпиз, көрө элекпиз сен айтып Бер деп. Мен айтып берип атам. Баягыдай эле Акаев полномочиесин чоңойтуп алгандай, булар да чоңойтуп алган турбайбы деген пикирди айтып атышат.

- Референдум кабыл алынгандан кийин өлкө жаңы Конституция менен жашоого өткөндөн кийин парламенттик жана президенттик шайлоолор өтүүсү керек деген алдын ала божомолдор да жок эмес. Шайлоолор башталса ансыз да кымбатчылыкка кептелип турган өлкө экономикалык кризиске кептелбейби?

- Биз «Асаба» партиясы да ошентип айттык. Эгерде жаңы Конституцияны алып, бардык бийлик органдар ошол конституцияга ылайык түзүлө турган болсо, анда бүт шайлоо органдары, анын ичинде президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы бардыгыбыз шайлоого барышыбыз керек деген талапты койдук. Биро башында айтылгандай бүгүнкү күндө бизге дегеле шайлоо оюндары керек беле? Президент ушундан жыйынтык чыгарыш керек болчу. Бүгүн баалар ушунчалык кымбаттап, күндөн күнгө өсүп атканда саясий оюнду тоткотуп, бардын бийлик бутактары азык-түлүк коопсуздугун сактап калунун үстүндө иштешибиз керек. Тилекке каршы андай болбой жатат.

- «Эркиндик» партиясы президент, депутаттар менен соттордон жана Конституциялык соттон кол тийбестик укуктарын жою маселесин көтөрүүдө. Кол тийбестикке муктаж эместигин президент да айтып келатат. Андай укук депутаттарга керекпи?

- Бүткүл дүйнөлүк практикада эл шайлаган өкүлдөргө кол тийбестик бар. Ошонун ичинде сот бийлигине да. Анткени булардын иштери жагабы-жакпайбы мамлекеттик бийлик күч органдарына катуу айта турган өкүл, элдин өкүлү, элдин өкүлү элдин ичинде болуп аткан нерсени ачуу, тике айтпаса, анын эмнеси өкүл. Ошондой кату айтканда, бийлик эмне кылып коет. Мисалы мен Үзөңгүкуушту көтөргөңдө, ошондо кол тийбестик жок эле, жөн эле бир облустун тергөөчүсү алып келип тыгып койбодубу. Мына ошонун айынан алигиче чаң-тополоң болуп жатпайбызбы. Бирок абсолютный кол тийбестик эмес, парламентте айткан сөзүнө соттор чыгарган чечимине президент иш учурунда. Бирок бизде Конституцияда таптакыр кол тийбестик болуп калып атпайбы, эч качан жооп бербейт деп. Акаевдин убагында 53-статьяга 203 Конституцияда президент, анын бала-чакасы, үй-бүлөсү, мурдагы кылган ишине да, келечекте кылган ишине да эч жооп бербейт деп койгон. Ушундай кол тьийбестиктин керекги жок.

- Аксы окуясы боюнча сот улантылууда. Окуянын аягына чыгаарына сизде ишениш барбы?

- Менде ишеним жок. Анткени Аксы окуясына жол бергендер, канн төгүлүүгө анча-мынча буйрук бергендер дагы, катышы барлар дагы бүгүн толугу менен бийлик бутактарында отурат. Ошондуктан булар элди алдоо, көзүн боемолоо максатында анча-мынча тырмагын алып койгондой 2-3нү садага чапканы жатат. Бул менен адилеттик болбойт. Менин кату позициям ушундай. Ан үчүң мурдагы, азыркы президент саясий эркке келип туруп, ар кими өзүнүн кетирген күнөөсүн мойнуна алып, андан кийин мурдагы баш ийгендеринин барына силер дагы мойнуңарга алгыла деп Аксы элине, жалып Кыргызсандын элинен келип кечирим сурап, мындан ары ушундайга жол бербейбиз деп туруп, чоң саясий чечим алыш керек, өз күнөөлөрүн мойнуна алыш керек. Эртеби, кечпи бул болот.

- Жообунузга чон рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG