Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

11:07 Турсунбек Акун аялдар кармалган түрмөнү кыдырып жүрөт


Ушул тапта Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун аялдар кармалган түрмөнү кыдырып жүрөт. Акун түрмөгө материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында президенттин атынан келген. “Сындаш жеңил, бирок түрмө ремонтко, материалдык жардамга муктаж. Биз ушул багытта жардам көрсөтүшүбүз керек”,-деп билдирди “Азаттыкка” Т. Акун. Сапарынын соңунда Акун президентке кат жолдоп, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG