Бул тууралуу “Азаттыкка” Жыпаргүл Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева билдирди. Анын айтымында, тергөө мөөнөтү эксперттердин корутундусу даяр эместигинен улам төрт айдан бери узартылууда. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова “тыңчылык кылган” деп шектелип, 19-июндан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып отурат. (ZMa)