Ошондой эле көрүүчүлөр “Тоо булагы” ыр бий ансамблинин чыгармаларына күбө болушту.
Каракулжа элдик театрынын түзүлгөнүнө быйыл 45 жыл толгон. Мына ушул убакыт аралыгында театр түрдүү жанрдагы алтымыштан ашык оюнду сахналаштырып, өлкөнүн аймактарында көрсөтүшкөн. Каракулжа элдик театры “Атанын тагдыры” спектаклин алгач 1962-жылы Бишкекте коюшуп, “Элдик театр” деген наамга татыктуу болгон.
- Келечекте театрга професионал театр деген статус берилсе деген тилегибиз бар, андыктан биздин спектаклдерди Бишкектик көрүүчүлөр да көрүп, сын-пикирлерин айтышса деген ниет менен келдик,- деп билдирди Каракулжа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Кадыров.
Бул жумада Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде балдар үчүн жарыяланган “Илбирс –тоонун кайыбы” эл аралык сүрөт сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. “Апакай” коомдук фонду уюштурган бул сынакка жалпысынан жети өлкөнүн жаш сүрөтчүлөрү катышып, 7000 ден ашык эмгек түшкөн. Ал эми Кыргызстандан 350 эмгек кабыл алынып, анын ичинен 14 жеңүүчү аныкталган.
Ушул күндөрү Бишкекте режиссер Рустам Аташев тарткан “Министрдин кызынын махабаты” тасмасынын үчүнчү бөлүгү сунушталууда. Тасманын мурунку эки бөлүгү Бекмырза Рахман уулунун чыгармасынын негизинде тартылган болсо, үчүнчү бөлүгүнүн сценарийин Рустам Аташев өзү жазган. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө айыл жашоосу, коррупция, наркобизнес, студенттик турмуш, жана сүйүү темасы чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиева менен композитор Атайбек Бөдөшовдун “Күн балдары” аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Жыйнакта жалпысынан кырктан ашык, жалаң патриоттук темадагы чыгармалар бар.
- Кийинки жаш муундар бизди жакшы билбей унутуп баратышат, андыктан бул китептин чыгышы менен чыгармачылыгыбызды дагы бир беш-он жылга узарта алдык деген ойдобуз, эми алдыда өлкөнүн аймактарын кыдырып, мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, китебибизди таратып келүүнү ойлоп жатабыз. Бул жыйнактан тышкары алдыда дагы балдар үчүн музыкалык календарь чыгарууну көздөп жатабыз. Анда он эки ай жана ноталары менен он эки ыр киргизилет- дейт Каныкей Эралиева.