Байкоочулардын баамында, адегенде эле участоктордо шайлоочулардын тизмесинин тегерегинде чатак ырбады. Мунун башкы себебин алар жергиликтүү бийликтин мажирөөлүгүнөн, кайдыгерлигинен көрүшүүдө. Анткени, тизмелер жаңыртылган эмес, эски бойдон, а түгүл өлгөн кишилер жүрөт. № 312 -шайлоо участогунун төрайымы Рано Мамажанова.
- Тизмени бизге мэриядан беришкен. Үй башчылары түзүшкөн аны. Кварталдык комитеттерге алып барып беришкен. Алар бизге басып беришкен. Тизмеде аябай көп жашоочулар түшүрүлүп калган. Кошумча тизмеге кошулуп жатат. Жашаган жерине карап туруп бюллетень берилип жатат. Бул жерде комитеттер жакшы иштеш керек болчу. Көзү өтүп кеткен адамдар да тизмеде жүрөт, - деп агынан жарылды Рано Мамажанова.
Жараянды чагылдырып жүргөн журналисттерди көпчүлүк учурда ичкериге киргизбей, аларды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылуудан баш тартып, тоскоолдук кылган окуялар да участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү, ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жүз бергендигин кесиптештерибиз сөз эркиндигине кысымчылык сыңары баалашууда. Мисалы, № 292-шайлоо участогунда «Мезон» ТВ телекомпаниясынын редактору Камил Сатканбаевди шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Толгон Матмусаев мындача кайрылды.
- Сиз ким болосуз. Менин ишим бул жерде тартипти сактоо болуп саналат. Баякындай сөздөрүңүз үчүн төрага менен чечишесиздер,- деп кубалап чыкты Толгон Матмусав.
Байкоочу Канышай Турдумаматова мурдагыдай эле студенттерди ресурс катары пайдаланып, кайра-кайра киргизип жаткан талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын жоругуна шайлоо комиссиялары көз жуумп жаткандыгына тызылдады. Ошол эле учурда мамлекеттин айыбынан убагында паспорт ала албагандардын, же Союз кезиндеги документи менен жүргөндөрдүн укугу тебеленгендигине кейип-кепчиди.
- Шайлоого ушул жерде жашаган жашоочулар кирбестен башка эле дарек менен студенттер келип жатат. Биз ал студенттерден «кайсы жерде жашайсың десек, ушул жакын жерде жашайбыз дейт». Сен бул участокко кирбейсиңер десек, бизге агайлар айтты,- деп башка даректен студенттер келип жатат, - деди Канышай Турдумаматова.
Шайлоочу Амангелди Бапанов баягыдай эле арак куюлуп, акча таратылып, добуштарды сатып алуу аракеттери болуп жаткандыгын баса белгиледи.
- Керек болсо элдерди унаа менен ташып келип жатышат. Добуштарды сатып алып жатышат. Бир депутаттын ишенимдүү адамы өзбек киши экен. Ал кыргыз кыздын паспортун каратып туруп эле сен тополоң кылып, кошумча кирип жатасың деп паспортун жыртып салды,- дейт Амангелди Бапанов.
Ош шаардык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Зулфия Кадырованын соңку маалыматына караганда, саат 16:00 убактысына карата 128706 шайлоочунун 52526сы добуш берип, көрсөткүч 40,8 пайызды араң түздү. Шаарда 72 шайлоо участогу болсо, үч мандаттуу он округдан 30 депутат шайланмакчы. Бүгүн кечки саат 20:00дө добуш берүү аяктайт.