Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ХАВИЕР СОЛАНА БҮГҮН БОРБОР АЗИЯГА ЖОЛ ТАРТАТ


Евросоюздун тышкы саясатынын жетекчиси Хавиер Солана бүгүн Борборазияга жол тартат. Адегенде ал Түркмөнстанда болот, андан соң Кыргызстанга барат жана Казакстанда сапарын карытат. Аталган үч өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү менен Солана энергетика тармагындагы кызматташтык, маң заттарынын аткезчилигине каршы күрөш маселелерин жана башка проблемаларды талкуулайт.

Евросоюз быйыл июлда биринчи ирет Борборазияга байланыштуу стратегия кабыл алган эле. Ошондон соң биртке басаңдай түшкөн мамилелерге Хавиер Солана жаңы дем берүүнү көздөп регионго баратат.

“Регион бизге маанилүү экенин, эки тараптын стратегиялык байланышын тереңдеткибиз келерин ырастоонун эң жакшы жолу – аймактын өзүндө болуу”,- деп айтты Солананын басма сөз катчысы Кристина Голлак.

Солана Түркмөнстанда,Кыргызстанда жана Казакстанда болот. Ал бул үч өлкөнү бир нече себептерге байланыштуу тандап алды, деп айтты Голлак. Өзбекстандын элчиси менен Солана жакында эле Нью-Йоркто жолукту, Тажикстандын президенти менен соңку кездери бир нече курдай байланышты. Андыктан кыска мөөнөттүү сапар үчүн ал ушундай маршрутту тандап алды.

Сапар учурунда сүйлөшүүлөр эки башкы проблеманын – энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыктын жана маң аткезчилигине каршы күрөштүн тегерегинде болот деп болжолдонууда. Кара майдын жана газдын коруна бай бул аймакта Россия, Кытай сыяктуу эңгезер оюнчулар активдешип жаткан кезде Евросоюз регион менен тикелей байланыш түзгөнгө кызыкдар. Бирок анын айрым долбоорлору,айрыкча Каспий аркылуу Түркмөнстан менен Азербайжандын мунайын жана “көгүлтүр отунун” Европага тартып чыгуу планы азырынча кагаз бетинде калууда.

Мындан тышкары региондогу экс-советтик республикалар Ооганстандан Европага ташылып жаткан наркозаттардын аңгире жолуна айланды. Европада жең ичинен соодаланып жаткан героиндин 90 проценти жалаң ооган апийиминен жасалат.

Европарламенттин тышкы иштер комитетинде 3-октябрда сүйлөгөн сөзүндө Солана Ооганстанга чектеш бул өлкөлөрдөгү сапары маалында маңзаттарынын аткезчилигине каршы кызматташтыкты кантип күчөтсө болорун байкап-багып көргөнү жатканын белгиледи. Бул проблеманы ал Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу стратегиясынын түпкүлүктүү маселеси деп атады.

Солана өз сапарында Өзбекстанга тийбей өтүүнү чечкенин байкоочулар Брюссел менен Ташкен ортосунда байланыштарды кайра тикелөө аракети туюкка кептелгенин билдирген ишаара катары баалашууда. Түркмөнстан болсо Евросоюздун региондогу жакшы өнөктөшүнө айланып бараткандай. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов быйыл жыл этегинде Брюсселге келген жатат.

XS
SM
MD
LG