Маркум Анна Политковская мураска калтырган китебинде: «Жүрөк шүйүн алган окуяны окуучуларга ырдап берүү – ал биринчи кадам, эң татаалы сага керек багытка системаны иштетүү. Мындайча айтканда мыйзамды коргоо, эмне дегенде азыркы учурда анын (бийликтин - ММ) системасы мыйзамсыздыкты коргоп атат»,- деп жазат.
Талдоочулар Анна Политковская режим үстүнөн сот ишкердиги кантип жүргүзсө болор эле демилгесин көтөрүп, "карапайым чечендер менен орусиялык аскерлерди коргоп Кремль менен анын жер-жерлердеги наместниктерине жалтанбай айып тага алган", деп жазышат.
Улуу Британия ордо калаасы Лондондо бул күндөрү өткөн жыйында ал жакта Кремл бийлигинен бой жашырып бозгунда жүргөн Ахмед Закаев: «Политковская көзү өткөндөн кийин (Орусияда – ММ) жашоо кулак кескендей болуп калды, эмне дегенде Кремлди оңтойсуз абалга дуушар кылуучу чындыкты айтчу киши жоголду» - деген.
Адам укугун коргоочу Политковскаянын кимдир бирөө тараптан атылышына бир жыл айланышын утурлап чет өлкөлөрдө эскерүүлөр өттү. Ошол эскерүүлөр алкагында Италиянын ордо калаасы Римде бир аянтка орусиялык эр жүрөк журналист Анна Политковскаянын ысмы берилди.
Кызык жери 80-жылдары Вашингтондун бир көчөсүнө академик Андрей Сахаровдун ысмын берүү болгондо Советтер Союзунда азыркы Орусиядагыдай жагдай өкүм сүрүүчү. Кечээ ошол Андрей Сахаров сүргүнгө айдалган Нижний Новгороддо маркум Политковскаяны эскерүү жыйынына жергиликтүү бийликтин катуу бут тоскону айкын болду. Маселен, жыйынга катышалы деп барышкан чет элдик өкүлдөр: испаниялык адам укугун коргоочу уюмдардын үч өкүлү, британиялык Human Rights First өкүлү жана алманиялык «Эл аралык мунапыз» активисти жергиликтүү бийлик тараптан бир кармалып, каттоодон өтүшкөн эмес деген шылтоо менен штраф төлөтүп кайра коё берилген. Ошол аралжы болуп Политковскаяны эскерүү жыйыныны өтпөй калган.
Алтынчы, жетинчи күндөрү Орусиянын калаалары: Челябинск, Самара, Екатеринбург, Воронежде маркум Аннаны эскерүү жыйындары, жолугушуулар болуп өттү. Ал эми Маскөөдө өткөн жыйында чогулгандардын кыжыр кайноосу мындайча чыккан:
«Путинсиз Орусия!» - кыйкырыгын алып баруучу ал жерде «тилекке каршы бүгүн Политковскаянын көзү өткөнгө бир жыл толушун өткөрүп атабыз» - деген сөзү менен буруп кеткен. Ал эми Воронежде Анна Политковская качандыр жашаган үйүнүн босогосуна Воронеждик атуулдар гүл коюшкан. Алардын арасынан лидерлеринин бири Геннадий Панков «Азаттыкка»: «Басылмаларда, үналгы менен сыналгылдарда ак сөз, адилет көз карашты айтуу дегеле коркунучтуу боло баштады. Эмне дегенде андайларды өлтүрүп атышат» - деген.
Times ишемби күнү журналист Анна Политковскаяны өлтүргөн кылмышкерди жана аны өлтүрткөн кишини табуу талабын коюп ар башка өлкөлөрдөн алтымыштан ашуун белгилүү инсандар, маданият ишкерлери жана адам укугун коргочулар жасаган орусиялык бийликке кайрылуусун басып чыкты.
Жекшембиде Нью-Йоркто өткөн Политковскаяны эскерүү митингде да Орусиялык башкы прокуроруна багышталган америкалык бир топ уюмдардын кайрылуусу жөнөтүлгөн.
Кыстара кетчү жери 7-октябрде, б.а. Анна Политковская өз босогосунда атылган күнү - өлкөнүн лидери Владимир Путин туулган.