Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

11:00 "Бийлик ордун бекемдеп, өлкөнү тоталитаризмге алып баратат"

Мындай пикир Референдумга байкоо жүргүзүү комитетинин алдында бириккен жарандык уюмдар тараткан билдирүүдө айтылат. Анда президент элди баш мыйзам боюнча чечим кабыл алуудан алыстатуу үчүн референдумду атайын чукул өткөргөнү жатканы белгиленген. Конституциянын текстинде бир канча карама-каршылыктар бар экени, ал коомду демократиялаштыруунун талаптарына жооп бербеси, анын натыйжасында олуттуу жаңжалдар, социалдык жарылуулар болушу мүмкүн экени кошумчаланган. Референдумга байкоо салуу комитети ушундан улам президенттен баш мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жана коомдук-саясий күчтөргө бул долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берүү талаптарын коюшууда. (EBM)
XS
SM
MD
LG