Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Чуйков музейинде бүгүн сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Аким Сгибнестин 95 жылдыгына карата көргөзмө ачылат. Анда маркумдун жыйырмадан ашык графикалык иштери коюлат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Табият менен сүйлөшүү” аттуу фотокөргөзмө өтүүдө. Анда жапон фотосүрөтчүсү Дайсаку Икедонун Жапониянын табиятын жана дүйнө өлкөлөрүн чагылдырган фотосүрөттөрү коюлган. Көргөзмө 15-октябрга чейин созулат.

12-13-октябрда “КыргызАртекс” көркөм өнөр борбору “Ачык устаканалар” аттуу маданий иш-чара өткөрөт. Анын алкагында элүүдөн ашык кыргыз сүрөтчүлөрү келген көрармандарды устаканалары менен тааныштырып, чыгармачылыгы тууралуу баарлашышат. Ошондой эле ал сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылып, устаттык сабактар уюштурулуп, мода көргөзмөсү өтүп, көрүүчүлөр Татияна Воротникованын кийимдер топтомуна күбө болушат.

Бул жумада Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры Бексултан Жакиевдин драмасынын негизинде сахналаштырылган “Жолугушуу” спектакли менен 80- театралдык сезонун ачат. Мындан тышкары театр күйөрмандарына Сайид Акматтын “Күйөө бала” Ян Теттердин “Дубал” спектаклдери тартууланат.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында “Чолпон” балети жана “Айыл ажары” операсы коюлат. Ал эми “Учур” телетеатры бул жумада Чүй облусунун райондорун кыдырып, президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган үч айлыктын алкагында Мар Байжиевдин пьесасына коюлган “Тил табышкандар” спектаклин тартуулашат.
Театрдын жетекчилиги билдиргендей бул спектакль Нарын облусундагы мектептерде да көрсөтүлөт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG