Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

ТҮШТҮКТӨ КАНДАЙ ИСЛАМ ТАМЫР ЖАЮУДА?


Кыргызстандын түштүгүндө «Хизбут-Тахрир», "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Чыгыш Түркстан" сыяктуу диний-экстремистик уюмдар эл ичинде тымызын, бирок активдүү иш жүргүзүп жатышат. Жакында түштүк аймагында болуп саясий-социалдык кырдаалды иликтеп кайтышкан Эл аралык саясатты өнүктүрүү агенттигинин эксперттери ушундай байкоолорун билдиришүүдө. Бул жөнүндө аталган агенттиктин жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Азаттык” менен болгон маегинде да баса белгиледи.

- Биз билгенден сиз жетектеген Саясатты өнүктүрүү агенттиги Кыргызстандын түштүк аймактарындагы проблемаларды талкуулаганы жаткан экен. Мындай талкуунун пайда болушунун актуалдуулугу эмнеде болду? Эмне себептен ушул маселени көтөрүп атасыздар?

- Биринчиден, саясат таануучулар жана биздин агенттиктин мүчөлөрү түштүккө барып, эл менен сүйлөшүп келишти. Бул маселени депутаттар дагы жана башка коомдук ишмерлер да көтөрүшкөн. Ошон үчүн биз ушундай чечимге келгенбиз, саясий-экономикалык жана башка маселелерди талдап, анализдеп чыксак, түштүккө көңүл бурсак деген. Ошондон чыкты.

- Түштүктө проблемалардын катарында, албетте, саясий маселелерден тышкары дин маселеси туруп атат. Терроризм маселеси кичине курчураак башка региондорго караганда. Дин маселеси демекчи, Кыргызстан демократияга бет алган акыркы 15 жылда диний агымдардын түрү көбөйүп кетпедиби. Алардын ичинен мамлекетке коркунуч жарата турган уюмдардын катарында “Хизб-ут Тахрир” баштаган бир топ жашыруун уюмдардын аттары аталып жүрөт. Сиз мындай уюмдардан кандай коркунуч көрүр турасыз?

- Бул негизинен тарыхтан өнүгүп чыккан маселе. Мурун Кокон хандыгындагы түштүк кыргыздары динге көбүрөөк карачу. Бул бир маселе. Экинчиден, мамлекет бүгүнкү күндө, светский ислам деп коет эмеспи, ошого көбүрөөк көңүл бурбай, ислам фактору өзүнөн-өзү чаржайыт өнүгүп кетип баратат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1350 мечит бар экен. Ошонун 1120 түштүктө экен. Бул жерде исламдын ишмерлери өз кызыкчылыгын карап эле, “Хизбут тахрир”, ИДУ, “ Чыгыш Түркстан” кыймылы ошол жакта активдүү иштеп атат деген бизде маалымат бар.

- Мисалы, биздин маалыматка караганда азыр түштүк эмес Кыргызстандын башка региондорунда да ушундай жашыруун уюмдар пайда болуп атат. Ошонун канчалык чындыгы бар, иликтеп көрдүңүздөрбү?

- Карап көрдүк, азырынча түштүк менен Чүй облусунда активдүү иштегенсип атат. Башка региондорго да келгенге аракет кылып атат. Ошон үчүн Коопсуздук комитетинде карап чыгышпадыбы. Ошол жерден бир кемчилик кетти, жалаң эле ушул коомдор менен күрөшкөндөн тышкары, исламдын лайык институттарын колдош керек, ошого шарт түзүп бериш керек. Идеология маселеси жок болуп аткандан кийин ошого көңүл буруш керек.

- Алдыда референдумга караштуу саясий күрөш курчуп турат. Ушундай жагдайды, маселен, радикалдуу динге, терорризмге, экстремизмге ыктаган күчтөр пайдаланып кетет деген кооптонуу жокпу сиздерде?

- Азырынча булар күч ала элек. Менин оюмча, булар дагы эле күтүп жатышат, референдумда оппозиция менен бийликтин ортосундагы ар кандай пикир кайчылашуу болушу мүмкүн, бирок ислам жактан болбойт го деп ойлойм.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова
XS
SM
MD
LG