Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

ОРУСИЯ ДЕМОКРАТИЯСЫНЫН ПАРАДОКСТОРУ


Нарын АЙЫП, Прага Орусия калкы жана анын жетекчилиги өз өлкөсүн демократиялык мамлекет деп эсептейт. Батыштан же өлкөнүн өзүнүн оппозициясы тарабынан айтылган сынды болсо Маскөө - Орусиянын күчтүү мамлекетке айланып баратканына каршы көрүлгөн аракеттер деп чечмелейт. Андай көз карашты калктын кеңири катмарлары дагы колдогонун айрым эксперттер "демократиянын парадоксу" деп атайт.

"Демократиянын парадоксу" деген түшүнүк алгач араб мамлекеттери жана Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөр менен байланыштуу пайда болгон. Бул региондо салыштырмалуу эркин шайлоо өткөрүлгөндө, калк өз добушун - демократиялык эмес, авторитардык жетекчилер үчүн берген. Окшош абал азыр Орусияда дагы түзүлдү жана мындай көрүнүш бийликке Владимир Путин келгени менен гана байланыштуу эмес, ал мурда эле бар болчу.

Айрым эксперттердин пикиринде, мындай жагдайды - туура эмес иш жасап койсок, бийлик бизди жазалайт деген коркуу менен байланыштуу деп эсептейт. Британияда чыгуучу "Экономист" журналынын баш редакторунун орун басары Эдвард Лукастын пикиринде, андай коркуу орус коомунда күчтүү жана бийликке каршы чыккан саясатчылар менен журналисттерди өлтүрүп кетүү иштери - СССР чачырагандан кийин КГБ жок кылынбаганы менен байланыштуу:

"Бул жараян 1991 жылы КГБ жок кылынбай калгандан кийин башталды десе болот. Путин президент болуп, бийликти өз колуна топтоого киришкенден соң жана өзгөчө Беслан трагедиясынан кийин бул жараян күчөдү. Мен айтаар элем, ал азыр дагы күчөп баратат", - дейт Лукас.

Президент Борис Ельциндин учурунда бийлик салыштырмалуу демократиялык болгону менен, анын 1996-жылы экинчи мөөнөткө шайланаар алдында Кремил өз саясатында принципиалдуу өзгөрүш жасаган жана коммунисттерди бийликке келтирбөө үчүн демократиялык эмес ыкмаларды колдонгон. Андан соң саясат ошол нук менен өнүгүп, бийликке Путин келди жана анын учурунда бул иш ого бетер күчөдү.

Мамлекеттик пропагандадан улам, коомдун кеңири катмарлары демократияны азыр пайдасыз нерсе деп эсептей баштады жана советтик мезгилдегидей эле, жарандык эркиндиктердин ордуна бардык күчүн мамлекеттик түзүлүштөрдү күчөтүүгө жумшоого киришти. Либералдык баалулуктар Орусияда азыр бааланбайт, бийликтин көз карандысыз үч бутакка бөлүнүш керек экени көп жактырылбайт.

Белгилүү орус журналисти Юлия Латынинанын айтымында, бийликтин аткаруучу, мыйзам чыгаруучу жана сот бутактарына бөлүнгөнүнүн ордуна бардык бийликти өз колуна топтоп алган президент Путин азыр ал бийликти ар башка күч колдонуучу кызматтар ортосунда бөлүп жатат:

"Президент азыр ал күчтөр ортосундагы тең салмакты сакташ үчүн, ар бир учурда алсызыраак тарапты колдоого алат. Мамлекеттик бийликтин көз карандысыз булактарга бөлүнгөнүн президент ошондой күчтөр ортосундагы атаандашуу менен алмаштырды, анткени мамлекет ичинде бийликти көзөмөлдөө баары бир керек. Бийликти көзөмөлдөй турган сот же парламент жок болгон учурда, алардын ордуна - бир-бирин жамандап, бир-бирине каршы аракеттенген кландар болуш керек", - дейт Латынина.

Анын айтымында, бардык башка бийликтин баарын өзүнө баш ийдирип алган президент өзү эми андан жапа чегүүдө жана абалды ого бетер бузуп албас үчүн бийликти өз колунда андан да көп топтоого же бийлик мөөнөтүн узартууга аргасыз.

XS
SM
MD
LG