Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

РОССИЯ ЖАНА КАЗАКСТАН ПЕРС БУЛУҢУНА ЧЫГУУНУ ОЙЛОНУШУУДА


Дүйнөлүк базарда отун энергиясы өтө өтүмдүү товар. Газга бай Казакстан менен Түркмөнстан сыяктуу постсоветтик өлкөлөр дүйнөлүк энергетикалык базарга түз чыга албагандыктан, газын негизинен Россия аркылуу сатышат. Борбор Азиядагы саясый таасирин бекемдөөнү көздөгөн Россия аларды колдон чыгарбай, Каспийдин кен байлыктарын өздөштүрүүгө өтө активдүү катышууда. Ушундай бир долбоор- Эларалык Каспий коридору Россия жана Казакстан президенттеринин өткөн бейшембиде Новосибирск шаарында болгон кездешүүсүндө талкууланды.

Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу газга бай өлкөлөрдө тышкы базарга чыккан боросу жок болгондуктан, Россияга көз каранды. Андыктан, эларалык базарга чыгуу үчүн Россия менен жарнакташып иштөөгө мажбур.

Россия жана Казакстан президенттеринин 4- октябрда Новосибирскиде өткөн кездешүүсүндө Каспий энерегетика жана транспорт коридорун түзүү маселеси талкууланды. Назарбаевдин айтышынча, Каспий боюнан башталып, бир учу Перс булуңуна, экинчи учу Балтия деңизине чыкчу бул корридор аркылуу темир жол, кан жол, электр линиясы, мунай- газ боросу өтөт. Долбоордун биринчи этабында ага Россия, Казакстан, Түркмөнстан гана катышат.

Жаңы долбоор үч өлкөгө мунай- газды, электр энергиясын жана башка чийки заттарын Перс булуңу аркылуу Европага катар экономикасы тез өсүп бараткан Индияга сатууга жол ачат. Бирок, Каспий деңизинин макамы такталып бүтмөйүн, Каспий мунай- газына байланыштуу бир да долбоордун ургаалдуу иштеп кетери күмөндүү.

- Каспий деңизинин статусу аныкталмайынча, тиги же бул долбоор биринчи ишке ашат деп айтуу татаал. Ошондой эле Түркмөнстан газ корун эларалык аудиттер менен чогуу эсептеген эмес. Ашхабад кол койгон бардык келишимдерин аткарам десе, анын газы жетпейт. Азыр ар бир өлкө же бир нече өлкө биригип өз территориялары аркылуу өткөн же саясый жактан ыңгайлуу долбоорду алга түртүшүүдө,-дейт Киевдик эксперт Владимир Сапрыкин.

Назарбаевдин айтымында, Казакстан болочок корридордун негизи болчу ишкана, обьектилерди куруп койгон жана россиялык компаниялар Курук портунун инфраструктурасын курууга чоң суммадагы инвестиция салууга даяр.

Түркмөнстанды жаңы долбоорго тартууда Назарбаев президент Путин менен колмо- кол жүрдү. Атүгүл, Сапрыкиндин баамдашынча, Кремлдин саясатын жигердүү колдоодо:

- Казакстан Россиянын саясый нугунан чыкпастан, Кремль сунуш кылган жана көбүн эсе Россия үчүн ыңгайлуу экономикалык, энергетикалык программаларды тайбай колдоп келет. Ошол эле учурда Батыштын, анын ичинде Евробримдиктин сунуштарын оңой менен жактырбайт. Бул Каспий газ боросу үчүн жетишсиз. Себеби, Түркмөнстан бул долбоорлорду дале электен өткөрүүдө. Казакстан, тескерисинче, көпчүлүк учурда Россиянын сунуштарын колдоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG