Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

“ТАБИЯТ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ”


Ушул күндөрү Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде жапон фотосүрөтчүсү, филосов Дайсаку Икеданын “Табият менен сүйлөшүү” аттуу фотокөргөзмөсү жүрүп жатат. Анда фотосүрөтчүнүн жүзгө жакын эмгеги коюлган.

Дайсако Икедо чыгармачылык өмүр жолунда алтымышка жакын мамлекетте болуп, дүйнөнүн кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн. Бул көргөзмөдөн Жапон өлкөсү тууралуу маалымат алса болот. Себеби автор аталган өлкөнү, жыл мезгилдерин жана башка нерселерин чагылдырган фотосүрөттөрүн алып келген. Көргөзмөгө жалпысынан 100дөн ашык эмгек коюлган.

-Бул эмгектерди професионал сүрөттөр деп айтууга болбойт, себеби автор жөнөкөй эле фотоапарат менен, машинеде кетип атып же болбосо сейилдеп жүргөндө тарта берген. Көп эмгектерин башка мамлекеттерге болгон иш сапары учурунда тарткан,- деп билдирди иш-чараны уюштуруучулардын бири, Жапониядагы “Сока-Гаккай” уюмунун өкүлү Кенджи Ширасачи мырза.

Бул эмгектерге карата көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн бири Карбалас Бакиров:-Өзгөчө табиятты чагылдырган эмгектери мыкты тартылыптыр, ар бир сүрөтү ырдай туюлду, сүрөттөрү өзүнчө эле поэзия экен,- деген баасын берди.

Дайсаку Икедонун чет өлкөлөрдөгү алгачкы жеке көргөзмөсү 1988-жылы Парижде Джакмар-Анде музейинде ачылган. Андан бери АКШ, Швеция, Австрия, Орусия жана башка бир катар , тактап айтканда 38-өлкөнүн 117-шаарында көргөзмө уюштурган. 80-жаштагы Дайсаку Икедо ошондой эле ыр жаратып, маданият жана билим жаатында иш алып барган “Сока-Гаккай Интернешнл” уюмун жетектейт. Көргөзмөнүн демилгечиси , депутат, Жогорку Кеңештин билим берүү комитетинин төрагасы Бектемир Мурзубраимовдун айтымында Дайсако ушул фотоэтюддары менен билим берүүгө өзүнчө багыт ачат. Ал дүйнөдөгү эң белгилүү болгон окумуштуулар, мамлекеттик жетекчилер, атагы чыккан философтор менен байланышып келген. Дүйнөгө тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти гумандуулукту даңктаган адам.

Ал эми “Сока-Гаккай” уюмунун вице президенти Кендзи Иосиго бул иш-чара кыргыз көрүүчүлөрүнө Жапон өлкөсү тууралуу маалымат берүү менен эки өлкөнүн карым-катыш, достук алакасын чыңдоо максатын аркалай тургандыгын айтты.

-Бул биздин Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапарыбыз, табияты кооз, эли меймандос келет экен. Буга чейин китептерден кыргыздар менен жапондор тууган келишет деп окуганмын. Мындан ары да мындай иш-чаралар улантылып, карым-катыш, достук мамиле улана берет деп ишенем.

Кендзи Иосиго ошондой эле Жапониянын басма сөз беттеринде бул көргөзмө жөнүндө жана Кыргызстан тууралуу кеңири макалалар жарык көрөөрүн кошумчалады. Ал эми көргөзмө 15-октябрга чейин созулмакчы.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG