Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

18:12 Талас районунда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын мамлекеттик мүлктү туура эмес пайдаланган деп айыпташууда


Талас районундагы Арал айылынын өкмөт башчысы Абдысадыр Турусбековду айыл тургундары айыл өкмөткө тиешелүү мүлктү туура эмес пайдаланган деп айыпташууда. Айыл өкмөткө тиешелүү бир “ВАЗ-21-06” маркасындагы жеңил автоунаа, бей өкмөт уюмдары тарабынан берилген 35 миң сом жана эгин сактоочу кампанын имаратын бузуп, сатып, 67300 сом акчаны айыл өкмөтүнүн кассасына кириштеген эмес деген айыптар Абдысадыр Турусбековго коюлду. Бул маселе бүгүн Арал айылындагы жергиликтүү Кеңештин сессиясында каралып, жергиликтүү депутаттар тарабынан айтылды. Депутаттар айыл өкмөт башчы Турусбековго аталган каражаттарды ордуна келтирүүгө бир айлык мөөнөт беришти. Бул маалыматты “Азаттыкка” Талас районунун “Революцияны колдоо” уюмунун лидери Орток Мамбеталиев билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG