Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

СӨЗ ЭРКИНДИГИ, СОТ ЖАНА ЖУРНАЛИСТ


10-октябрда эл аралык эксперттердин катышуусунда Бишкекте сөз эркиндигине арналган жыйын өттү. Жыйындын бир бөлүгү соттор менен журналисттердин ортосундагы мамилеге, бул жаатта эл аралык стандарттарды жайылтуу маселесине арналды. Келген коноктордун баамында Борбор Азия өлкөлөрүндө журналисттердин укуктары анча корголгон эмес жана алар менен соттошкон дордун саны арбын. Буга негизинен мыйзамдардын чийкилиги, соттордун эл аралык стандарттар менен тааныш эместиги, көз карандылыгы жана журналисттердин профессионалдык деңгээлинин жетишсиздиги себеп болууда дешет. Ошентсе да адистердин ырастоосунда кандай болгон күндө да журналисттерди соттоо туура эмес.

Анык сөз эркиндиги Борбор Азия өлкөлөрүндө чындап орношо электиги кеп болуп, эл аралык стандарттарды киргизүүдө, кадрларды даярдоодо жана мыйзамдарды өркүндөтүүдө келип чыккан олуттуу тоскоолдуктар тууралуу сөз жүргөн жыйынга Украинадан атайын келген адистер, жергиликтүү сот органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланышкан соттук процесске судялардын кандайча мамиле кылуусу керектиги жана коомдук маанилүү фигуралардын сын-пикирлерге көтөрүмдүү болуусу зарыл экендиги тууралуу кеп болду. Украиналык ММК адиси Евхен Глибовитскийдин айтымында, дүйнөлөшүү доорунда Борбор Азия өлкөлөрү тезинен эл аралык стандарттарга өтпөсө, маалымат айдыңындагы таймашта алдырып жиберери анык:

- Менимче Борбор Азияда сөз эркиндиги жаатында олуттуу проблемалар бар. Бул ар бир өлкөдө ар кандай чагылат. Ушул мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда сөз эркиндиги дурусураак. Бирок, Кыргызстандын ММКсы чабал. Адистердин начар даярдалышы, сөз эркиндигин багыттаган институттардын начарлыгы да буга себепкер. Мындайча айтканда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, эркиндикти эмес эле баш аламандыкты элестетип тургансыйт.

Ал эми белгилүү журналист жана саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, Кыргызстандын саясий жана бизнес элитасы сын-пикирлерге жол берген журналисттерди сотко берип отурбайт. Анткени криминалдык сезимдеги саясатчылар андайларга өздөрү эле сотсуз өкүм чыгарып коюшу ыктымал:

- Биздин бийликтин, бизнес элитада жүргөндөрдүн көбүнүн сезимдери криминалдашкан. Анан алар журналист менен соттошуп, атын өчүрүп, ызы-чууга баргысы келбейт. Жөн эле кечинде эки азамат келип, балка менен башыңды жарып кетет. Бизде азыркы бийликте турган муундун катмары кетмейинче, алардын ордуна жаңыча ойлонгон жаш муун келмейинче сөз эркиндиги жакшырып кетет деп айта албайм.

ЕККУнун коом менен байланыш кызматкери Азамат Абабакиров, чоң чиновниктер же депутаттардын журналисттерди сотко берип, сызга отургузган учурлары деле аз эмес деген ойдо. Анын айтымында, соттор журналисттер менен байланышкан иштерге өзгөчө көңүл бөлүп, эл аралык тажрыйбаларды пайдалана баштоосу абзел:

- Ушуга чейин ар кандай саясатчылар, депутаттар же бизнесмендер журналисттерди, ММК каражаттарын сотко беришип келатышат. Тилекке каршы көбүнчө журналисттер жеңилип, чоң айыптарды төпөп калган учурлар да болгон.

Ал эми Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков, бул жаатта мындайча пикирин билдирди:

- Чынында эле судялар «мыйзамда эмне көрсөтүлсө, мен ошону кылам» деп, кээ бир учурларда адилеттүүлүктү талап кылган жагдайларда, ошол чечимдин адилетсиз экендигин көрүп туруп, бирок «мыйзам боюнча» деп чечим кабыл алган учурлары көп.

Адистердин ырасташынча, соттор бир гана ошол өлкөнүн мыйзамдарына таянып чечим чыгарбай, эл аралык нормаларга, тажрыйбаларга, жеке адамдын укугунун бийиктигине да көңүл буруулары абзел. Бул жаатта соттор, журналисттер, юристтер катышкан жыйындарды, пикир алышууларды көбүрөөк өткөрүп туруу максатка ылайык. Ошондой эле сотторду жана журналисттерди даярдыктан өткөрүү, эл аралык стандарттар, нормалар менен тааныштыруу керектиги баса белгиленди. Журналисттер менен болгон соттошуулардын көбү, так ошол профессионалдык даярдыктын жоктугунда дешет. Бирок, жыйындын катышуучуларынын пикиринде, кандай болгон күндө да журналист таркаткан маалыматы үчүн соттолбошу керек.
XS
SM
MD
LG