Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫН ХИМИЯ БОЮНЧА НЕМИС ОКУМУШТУУСУ АЛДЫ


Швециянын Падышачыл илимдер академиясы 10-октябрда Нобелдин үстүбүздөгү жылдагы химия боюнча сыйлыгы германиялык окумуштуу Герхард Ертлге ыйгарылганын жарыялады. Алдыңкы күндөрү Нобелдин дагы бир нече сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болот.

Нобел сыйлыгы дүйнөдөгү эң белгилүү сыйлыктардын бири деп саналат. Аны алган адам өз кесибинде же ишмердигинде эң бийик чокуга жетти деп санаса болот. Бирок Нобелдин айрыкча илим боюнча сыйлыктарын алган табылгалар биздин турмушубузга канчалык тийешеси бар деп ойлошубуз мүмкүн. Ушул көз караштан алганда немис окумуштуусу Герхард Ертелдин эмгеги биздин күнүмдүк жашообузга түз тийешеси бар көрүнүштөр туурасында.

Алар мисалы темирдин дат басышын, күйүүчү майдын атомдорунун жана биз айдаган машинада катализатордун иштешин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт. 71 жаштагы Ертл Германиядагы атактуу Макс-планк изилдөө коомунун Берлиндеги Фритс Хабер институтунда эмгектенет. Калыстар тобунун айтымында, Ертлдин катуу кыртыштардагы химиялык процесстер боюнча изилдөөсү химия өнөр жайы үчүн чоң мааниге ээ.

Буга чейин Нобелдин физика жана медицина боюнча лауреаттары белгилүү болгон. 9-октябрда физика илиминин сыйлыгы нано-технологиясын изилдеген франциялык Албер Ферт менен германиялык Петер Грүнбергге ыйгарылды. Ал эми Физиология жана медицина боюнча сыйлыкка түйүлдүк клеткаларын колдонуу менен чычкандын спецификалык генетикалык миодификациясынын жоболорун изилдөөдөгү ачылыштары үчүн италиялык Марио Капеччи, британиялык Сер Мартин Еванс жана америкалык Оливер Смисиестер татыктуу болушту. Алдыңкы күндөрү эми Нобелдин адабият, экономика жана тынчтык сыйлыктары жарыяланат.

Тынчтык сыйлыгын алгандардын арасында СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачев жана советтик диссидент Андрей Сахаровдор болгон. Ал эми көпчүлүктүн көңүлүн айрыкча бурган адабият боюнча Нобелди алгандардын тизмесинде советтик жазуучулар Александр Солженицын, Михаил Шолохов, Борис Пастернак, Иван Буниндер болгон.

Нобел сыйлыгынын тарыхына кайрылсак, ал 1901-жылдан бери жыл сайын берилип келет. Нобел сыйлыгын Швециянынын Нобел кору ыйгарат. Ар бир сыйлык медалдан, диплимдон жана 10 миллион швециялык крондон турат. Бул акча азыр болжол менен америкалык 1 жарым миллион долларга барабар.

Нобел сыйлыгын динамитти ойлоп чыгарган швециялык ишкер Алфред Нобель негиздеген. Мурас катында ал бул сыйлыктар "акыркы жылы адамзатына пайдалуу улуу иштерди жасагандарга берилиши керек" деп жазып калтырган. Алфред Нобел ойлоп табуучулук жана ишкерлик менен катар сценарийлерди жана ырларды жазган. Нобел эч качан үй-бүлө күткөн эмес, ал ар дайым саякаттап, ар кыл өлкөлөрдү кыдырып жүргөн, ошондуктан франциялык улуу жазуучу Виктор Гюго аны "Европанын эң бай селсаягы" деп атаган.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG