Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:33

10-ОКТЯБРЬ - ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ БОЛУП КАЛДЫ


2006-жылы 25 өлкөдө өлүм жазасына тартылган 1569 киши о дүйнө жөнөтүлдү. 51 өлкөдө 3861 киши өлүмгө өкүм болду. Бул тажрыйба АКШ жана Япония сыяктуу өлкөлөрдө да колдонулат. Катаал жазага кириптер болгондор же атып, же даргага асып, же электр столуна байланып өлтүрүлөт. Азыр, Эларалык мунапыс уюмунун эсеби боюнча, 132 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өлүм жазасы колдонулбайт. Адамды ажалга айдоо адамгерчиликсиз деген Евробиримдиктин жетекчилиги 10-октябрды “Өлүм жазасына каршы күрөшүүнүн Европа күнү” деп белгилөөнү чечти. Буга байланыштуу “Азаттык” радиосу Еврокеңештин башкатчысы Терри Дэвисти кепке тарткан.

“Азаттык”: Акыркы 10 жылда Еврокеңешке мүчө өлкөлөрдө бир да адам өлүм жазасына тартылбады. Ошондуктан, “Өлүм жазасына каршы күрөшүүнүн Европа күнүн” белгилөөнүн кандай кажети бар?

Терри Дэвис: Еврокеңешке мүчө 47 өлкөдө өлүм жазасы колдонулбаганы ырас. Бирок, биздин ар бир жаран буга макул деп айта албайбыз. Ошон үчүн Европа элдерине жана ар бир адамга эмне себептен өлүм жазасы жоюлганын, эмне үчүн өлүм жазасына тартуу кылмыштуулукту азайтпаганын түшүндүрүү абдан маанилүү. Акыркы жылдары өлүм жазасы токтотулган өлкөлөрдүн саны өсүүдө. Бирок, АКШ сыяктуу абройлуу өлкөнүн кээ бир штаттары андан баш тарта элек. Өлүм жазасына каршы Европа күнүн өткөрүү- бул дүйнөдө катаал жазаны колдонууга каршы өнөктүктүн бир бөлүгү.

“Азаттык”:Адам укугу боюнча Европа конвенциясынын 2002- жылкы №13- кошумча протоколу өлүм жазасын согуш учурунда да колдонууга тыйуу салат. Эларалык бул келишимге Еврокеңешке мүчө канча өлкө кошулду?

Терри Дэвис: Бүгүнгө карай 39 өлкө береги келишимге кол коюп, бекитти. Эртең Франция кошулса 40 өлкө болот. Ошондо № 13- протоколго кошулбаган 7 өлкө калат. Алар да жакын арада конвенцияга кошулат деп ишенем. Бул убакыттын гана иши.

“Азаттык”: Сиз өз сөзүңүздө Еврокеңештин жакын достору АКШ жана Японияны оң жана терс маанисинде эскерте кеттиңиз. Ошол сөзүңүздү кененирээк чечмелеп берсеңиз?

Терри Дэвис: Бизде бир катар байкоочу өлкөлөр бар. Бул тизмеге АКШ менен Япония да кирет. Ырас, АКШнын айрым бир штаттарында өлүм жазасы колдонулганы менен, көпчүлүк штаттарда андай тажрыйба жок. Үчүнчү бир штаттарда өлүм жазасына тартуунун ыкмасына болгон тынчсыздануудан улам катаал чара колдонулбайт. Аны жактуучулардын арасында да электр стулуна байлап же уу берип өлтүрүү адамгерчиликсиз дегендер көбөйүүдө. Жакында АКШнын Жогорку Соту да өлүм жазасына тартуунун ыкмасына тынчсызданганын билдирди. Японияда да ага каршы адамдар көп. Өкмөттүн амири боюнча адамдарды өлтүрүү натуура деп санаган Адилет министри катаал өкүмгө кол койуудан баш тарткандыктан, Японияда бир нече жыл бою бир адам мерт кылынбады. Бирок, министр алмашып, иш артка кетти. Анткен менен, Япония өлүм жазасы токтотулган цивилизациялуу өлкөлөрдүн тобуна кириш керек деген маанай япондор арасында кулач жайууда. Азиянын да башка өлкөлөрүндө да ушундай маанай бар. Соңку жылдары Түштүк Америка жана Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө өлүм жазасы токтотулду.

“Азаттык”: Өлүм жазасына каршылык өсүүдө деп ойлойсузбу? Дүйнө жүзүндө өлүм жазасын токтотуу мүмкүнбү?

Терри Дэвис: Андан күмөнүм жок. Эларалык мунапыс уюму мага айтканга караганда, азыр 133 өлкөдө өлүм жазасы токтотулган. Албетте, өлүм жазасы дүйнөдө токтотуларына ишенем.

XS
SM
MD
LG