Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

11-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1926-жылдын 11-октябрында Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драм театры ачылган. 2005-жылдын 11-октябрында ак таңдай акын, кыргыз калкынын төкмө ырчылык өнөр маданиятынын мураскери Эстебес Турсуналиев дүйнөдөн кайтты.

Россия империясы XIX кылымдын башталышында Түштүк-Чыгыш багытында соода жолун өнүктүрүү үчүн арбын аракет көрүп баштаган. Индия жана Кытай өлкөлөрү менен байланыш үчүн кыска жолду өздөштүрүү максатында империя стратегдери Орто Азия багытын туура көрүшүп, аны иликтеп колдонуу даражасына келтириш үчүн атайын кербен жөнөткөн. Грузин дворянини Рафаил Данибеков баштаган кербен 1815-жылдын 11-октябрында Семипалатинскиден чыгып, Кыргызстанга карай багыт алган. Кербен башчынын чөнтөк дептеринде кыргыздардын турмуш, тиричилиги туурасында даректүү маалымат жазылган.

Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драм театры 1926-жылдын 11-октябрында ачылган. Театр Кыргыз обкомунун токтомуна ылайык ишке киргизилип, анын адегендеги негиздөөчүсү жана чыгармачыл чыйыр салган адам катары студиянын ошол убактагы көркөм жетекчиси Н. Н. Еленин эсептелинет. Студияда А. Куттубаева, К. Айбашева, К. Эшимбеков, Ш. Түмөнбаев, К. Мадеминова, Г. Уразбаева, А. Малдыбаев, А. Куттубаев сыяктуу кыргыз маданиятына зор салым кошкон инсандар билим алышып, чыгармачыл өнөрүн арттырышкан. Студия ачылгандан тарта чыгармачыл топ, Н. Н. Елениндин жетекчилиги менен «Молдо Насирдин» спекталын сахнага камдай баштаган.

2005-жылдын 11-октябрында кыргыз эли жана чыгармачыл дүйнө ооор жоготууга учурады. 74 жаш курагында ак таңдай акын, кыргыз калкынын төкмө ырчылык өнөр маданиятынын мураскери Эстебес Турсуналиев дүйнөдөн кайтты. Эстебес акын 1931-жылы Таластын Кара арча кыштагында жарык дүйнөгө келип, кыргыздын залкар акындарынан таалим-тарбия алып, акындык өнөрүн таптаган. Ал жер шаарынын көптөгөн өлкөлөрүнө чыгармачыл сапар менен чыгып, кыргыздын төкмөлүк өнөрүн дүйнөнүн туш тарабына тааныткан.

АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 2005-жылдын 11-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келди. Мамлекеттик катчы Кыргызстандагы демократиялык реформалардын өтөсүнө чыгышына Кошмо Штаттардын ынана тургандыгын билдирип, Конституциялык кеңешмеден Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор иши 2005-жылдын аягына чейин чыгарылышын өтүндү.

Бу күнү 1881-жылы америкалык Дэвид Хьюстон фотопленканы патенттеп, 1887 америкалык ойлоп тапкыч Томас Эдисон шайлоо добушун эсептөөчү электр машинасын патенттеп, 1885-жылы француз жазуучусу, акын Нобель сыйлыгынын лауреаты Франсуа Мориак жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG