Жыйынды ачкан губернатор Ажыбек Касымалиев президент Курманбек Бакиевдин Нарынга 17-октябрда келээри күтүлүп жатканын билдирип, ушуга байланыштуу Нарын шаарынын борбордук көчөсүн иретке келтирүү вазийпасын шаардын мэри Бейшенаалы Боогачиевден сурады. Шаардын жетекчиси бүгүндөн тарта шаардын Ленин көчөсүнүн боюндагы бардык турак үйлөр акталып, ал эми мекеме, уюм, ишканалар имараттары тазаланаарын, бирок айрым облустук мекемелер жоюлабыз деп баш бербей жаткандыгын белгиледи. Губернатор болсо мекемесин жана бак-дарактарды актабаган облустук мекемелеринин жетекчилеринин кызмат абалдары чечилерин, өзү 15-октябрдан тарта шаарды кыдырып көзөмөл жүргүзөөрүн катуу кеп кылды. (KUs)
18:25 Президенттин Нарын облусунда болуучу иш сапарына байланыштуу шашылыш жыйын өткөрүлдү