Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

ҮШҮГӨН ӨЛКӨ… ШИШИГЕН КОНСТИТУЦИЯ


«Белый пароход» гезити референдумдан кийин дароо парламент кубаланарын, Атамбаев өкмөтү кетип, Данияр Үсөновдун ташы кайрадан өйдө куларын, эми аны баягыдай парламентке түрткүнчүк кылбайле жеңген партия дайындап саларын кабарлап келип, «эми мындан ары эмне кылуу керек?» деп суроо койгон гезит, эми баарың уюшкандык менен келип референдумга каршы, кымбатчылык менен ачарчылыкка каршы, уяты жок прессага каршы, Конституциянын диктатордук вариантына каршы добуш бергиле, деп жазды.

«Агым» гезити Акүйдө иштеген атка минерлерге Акун фирмасы берешендик кылып 1-сорттогу унунун бир кабын 550-600 сомдон сатканын маалымдады. Гезит кабарчысы Абдубахап Мониев Кыргызстандын Коопсуздук Кызматынын мурдагы катчысы Мирослва Ниязовго собол салып, тилекке каршы өткөндөн сабак алалбай, Бакиев Акаевдан да ашып түшүп, Кыргызстанды жеке бийлегиси келип жатканын, Акаевдин тушунда Конституция ар эки жылда өзгөрсө, азыр ар ай сайын өзгөрүп турарын сурап кайрылганына, Ниязов мырза референдумга коюлуп жаткан Конституциядан бир грамм да пайда жоктугун, анын өмүрү жетсе жарым жылга жетерин, анан аны да жок кылышарын, бүгүн өлкө турмушу жалаң бийлик талаш менен өтүп атканын, анын артында акча жана байлык турганын, ошон үчүн бийликти бир колго топтобой жер-жерлерге бөлүп бергенде алардын талашар эчтекеси жок калмагын, өзү Акаевдин да бийлигинде да, Бакиевдин бийлигинде да иштеп бир нерсеге көзү жеткенин, көрсө эң чоң жаңылыштыгыбыз, бирөөнү бийликке олтургузуп коюп эле «ушул бийлик бизге жакшылык алып келет» деп оозубузду ачып отура берерибизди, өзү болсо акырындык менен жер-жерлердеги адамдардын бийликти жергиликтүү элге алып берүү үчүн демилге көтөрүүгө аракет кыларын, ал эми референдумга барып добуш бербей тургандыгын айтып жооп берди.

Угармандарыбыздын эсине сала кетчү дагы бир жаңылык, мурда Чолпонбек Абыкеевдин жеке менчги болуп келген «Аалам» гезити бүгүндөн тартып жаңы кожоюндуу болду. «Ааламдын» ээси эми мурдагы депутат Шамшыбек Медетбеков. Көптөн бери жарык көрбөй, акыркы кездери эл арасында бийлик тарапчыл гезитке айланып кетти деп жүргөн бул окумал басылма бүгүндөн баштап жарыкка чыгып, алгачкы санын өлкөдөгү кымбатчылык жөнүндө ой толгогон белгилүү публицист Үсөн Касыбековдун «Проморгали» деген орусча аталыштагы аналитикалык макаласы менен баштады. Ушул эле санда президент Бакиевдин Ысык-Көлдү кыдырып келгендиги, анын Караколдогу жолугушуусу тууралуу белгилүү журналист Баратбай Аракеевдин макаласында сөз болот. Жантөшов атындагы театрды катар-катар милийса курчап, атайын кызматтагылары шимшип, ар бир адам алардын көзүнө Бен Ладендин жакечтиси болуп көрүнүп, темир издегичи менен курал-жарак, ок-дары издеп жүрүшкөнүн, буга сыягы Бакиевдин өткөндө «…Мага эки жолу кол салуу уюштурган» деген ышкырматсы түрткү болгонун белгилеген кабарчы, андан ары Бакиев жакшы сүйлөгөнүн, калпы бир топ болгонун, президентке чындыкты, накта жашоону айтам дегендерди жакын жолотпой, анын ордуна күн мурунтан даярдалган Жетимишбаев, Абдиева, Жээнбаев, Стрижеус, Батырканов, Токтосопуев өңдүү адамдар сөз сүйлөп, Акаевдин тушунда куурап, Бакиевдин тушунда жыргап жаткандарын айтканын, кыскасы президенттин көлдөгү жүрүшүнүн жыйынтыгы көлдүк атка минерлердин алдын ала даярдаган сценарийи менен өткөнүн кеп кылды.

«Жаңы ордо» гезити президент К.Бакиев келаткан жуманын 1-2-күндөрү бийликтин позициясын колдогон партия башчыларын жыйып, акыркы чечимин айтарын, ажо «Эмгек жана биримдик» партиясынын негизинде «Акжол» партиясын түзүп, ал эми «Жаңы Кыргызстан», «Содружество», «Эркиндик», «Замандаш», «Менин өлкөм» партияларын биригүүгө чакырарын маалымдады.

«МСН суббота» гезити «Өкмөт мамлекет башчысына нан боюнча экзамен берди» деген макаласында ишкерлер өз элин кудай ургандай тоноп, алар 1 тонна буудайдан бүгүн150 доллардан пайда таап жатышканын, Ала-Тоо аянты менен парламенттин ичинен ийгиликке жете албай калган оппозиция эми тактикасын чукул өзгөртүп, айрым бейөкмөт уюмдары, саясат таануучулардын көмөгү менен калктын акыл-эсине нандын кымбатташы аркылуу чайкоочулук кылып жатканын жазып… Муну алардын референдум алдында атайылап эл көзүнө бийликти жаманатты кылуу үчүн жасаган аракети деп баалады.

«Кыргыз руху» гезити «Ата Мекен» партия лидери Өмүрбек Текебаев менен аңгеме-дүкөн курду. Айтылуу саясатчы өлкөнүн бүгүнкү күндөгү абалы, бийлик, экономика, эл тууралуу ойлорун ортого салган. Ушул эле гезит «Ак шумкар» партия лидерлери К.Байболов, Т.Сариев өлкө элин референдумга каршы добуш берүүгө чакырганын, Данияр Үсөнов мындан мурдагы вице-премьерлик орун үчүн 300 000 доллар коротконун, эл үчүн күйүп-жанган депутаттардын бир жолку сатылуу баасы 4 миң долларды түзөрүн, анткени Данияр мырза берди деген 300 000 долларды 75 депутатка бөлгөндө 4 миң доллардан айланарын, Акаев учурунда губернаторлук орун 50 миң долларга сатылары дүң болсо, бүгүн Жогорку Соттун бир судьясынын добушу эле 10 миң доллар турарын, демек чөнтөгүндө пулу барлар Жогорку Соттун судьясын каалаганда сатып алып каалагандай пайдалана берсе боло берерин, ушу тапта А.Атамбаевдин экинчи позициясы үчүн белгилүү саясатчы-ишкер 500 000 доллар бермекчи болсо, А.Бекназаров менен Р.Отунбаеванын «Асаба» партиясына кирип, лидерлик даражага ээ болуш үчүн акчалуу дагы бир ишкер 1 миллион долларын көтөрүп жүрөт деген өңдүү сөздөр бар экенин баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG